Menu
Эл-Сөздүк

КУРМАН

КУРМАН Кыдырбай кызы (1915, Жети-Өгүз району, Чырак айылы) — «Манас» жыйноочу. Фрунзедеги педагогикалык техникумду бүтүргөн. 1932— 33-ж. Москвадагы стенографистикалардын курсунда окуган. К. манасчылар Саякбай Карала уулу менен Шапак Рысменде уулунун варианттарындагы негизги окуяларды так, жогорку деңгээлде жазып алган. Анын Саякбай Карала уулунан жазып алган материалдарынын көбү өзүнчө китеп болуп басылып чыкты. Калган материалдар Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.

курман

курман (курбан эмес)
курман айт
курман болуу
курман чалуу

курман

зат. Диндик эреже боюнча: кудай жолуна садага кылып, кудайга сыйынып мал союш, союп жан чыгарыш.
¨ Курман болуу — белгилүү бир максат, ой, эл-журттун камы ж. б. үчүн жанын кыюу, өлүм табуу. Эл үчүн курман болсок мейли (Каралаев). Курман айт — мусулмандардын орозо айттан кийин келүүчү диндик майрамы. Курман чалуу — 1) кудай жолуна арнап, кудайга сыйынып союу; 2) белгилүү бир максат менен өлтүрүү.

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: