Меню
Эл-Сөздүк

КУРМАНОВ

КУРМАНОВ Таалай (1949, Чүй району, Талды-Булак айылы) — сүрөтчү, графикачы. 1968-ж. Фрунзедеги сүрөт өнөр окуу жайын, 1976-ж. Ленинграддагы сүрөт өнөр-жай жогорку окуу жайын бүтүргөн. Манасчы Саякбай Карала уулунун варианты боюнча жарык көргөн «Манастын» 4 томдугуна «Манас» 1—2-китеп, «Семетей» 1—2-китеп (1984 — 89) графикалык сүрөттөрдүн циклин түзгөн. К. сүрөттөрүндө жанрдык, баатырдык, жоокердик окуяларды реалисттик маанайда чагылдырып, каармандардын мүнөздөрүн терең ачып берүүгө аракеттенген.
Т. Курманов «Манас» эпосуна иллюстрация.
Т. Курманов «Манас» эпосуна иллюстрация.
К. тарткан сүрөттөрдө образдарды, композицияларды чечүүдө ар түрдүүлүк байкалат.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: