Меню
Эл-Сөздүк

БАЛ

БАЛ — «Манас» эпосу боюнча дарылык касиети бар жана жөн эле тамак катары колдонулган саргыч түстөгү коюу ширелүү, таттуу азык. Мисалы, «Мажму ат-таварих» боюнча Манас душман тарабынан ууланганда, уусун жандыра турган дары катары Б. колдонулат. Ууланган Манас бир топ күн жатып калат. Каракожо аттуу адам Манаска күнүгө чаарчыктын этин бышырып, бал менен берип сакайтат. Радлов жазып алган варианты боюнча Б. кымыз менен да берилгени айтылат:
Байтал бээлен бал кымыс
Бал чайкатып алыңар!
Чыңгырлуу кесе чыны айак
Чырмалтып айак сунуңар (Радлов жазып алган вариант. 84).

Б-дын «Манас» эпосунун алгачкы версияларында кездешкени бул азыктын кыргыздарга бир топ кылым мурун эле белгилүү болгондугун көрсөтүп турат.

бал

бал (аарынын балы)
бал бөбөк
бал каймак
бал камыш
бал кымыз
бал муздак (мороженое)
бал тил
бал челек
бал челекчи
бал челекчилик

бал

бал (төлгө) (сүйл.)
бал ач-
бал китеп

бал

бал (оюн-шоок)

бал

бал: бал-бал (туур.)

бал

I зат. 1. Гүлдөрдүн ширесинен аарылар аркылуу иштелип чыккан коюу, таттуу суюктук. Аары багып көбөйтүп, Гүл сордуруп бал алган (Токтогул).
  1. 2.                  өт. Ширин, уккулуктуу, жагымдуу (сөз, тил жөнүндө). Тили бал. Бал сөздөрүңдү сагындым («Чалкан»).

Бал челек к. челек.
БАЛ II зат. Шалы эгүү, пияз, сабиз сыяктуу өсүмдүктөрдү өндүрүү үчүн суу токтотууга, суу жаюуга ылайыктап, тегерете кырдалган жал; чарчы-чарчы тилкелер. Эки бал пияз. Бал көтөрүп шалы эгүү.
БАЛ III зат. Салтанаттуу күндөрдө бий менен боло турган чоң оюн-зоок кечеси.
БАЛ IV: бал-бал жануу — балбылдоо, жалындоо, нурдануу. Чолпонуң, жылдыздарың бал-бал жанып, Төбөңдө айың тийип сүттөй жарык (Нуркамал). Нурга баткан Октябрдын айылы, Балбал жанып тоого тийген жарыгы (Маликов).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: