Меню
Эл-Сөздүк

БАЛ АЧУУ

БАЛ АЧУУ — койдун далысын, күзгүнү, китепти карап туруп адам тагдырынын келечегин, боло турган окуяларды колдогону бар касиеттүү адам айтып бере алат деген диний түшүнүк. Шаманизмдин калдыгы катарында эпостун көпчүлүк вариантгарындагы ырым-жырым окуяларында эскерилет. Манастын чоролорунун ичинде да кандайдыр бир табигый күч колдогон, боло турган окуяларды алдын ала төлгө тартып, же далы көрүп билүүчүлөр болгон. Баатыр Манастын «Төлгөчү Кара Төлөгү, Агыдай далы көрүүчү, Ашкере айтып берүүчү» чоролорунун бар экендиги айтылат.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: