Меню
Эл-Сөздүк

үкү

1. филин (в старом быту считался священным);
ак урат ыйык үкү анда-санда стих. по временам священный филин выкрикивает, как дервиш;
үкү деген ыйык бар, тил билбеген кыйык бар стих. есть (птица) священная - филин, есть неслух, не поддающийся уговорам;
мыкый үкү сова, неясыть;
кыргый үкү ястребиная сова;
2. украшение из перьев филина на шапке девочек, девушек (употреблялось и как амулет);
үкү тагынып или үкү сайынып воткнув себе (на шапку) перья филина;
3. этн. украшение из перьев филина в чёлке лошади (которую вели от жениха родителям невесты, когда ехали сватать);
көкүлүнө үкү тагып (или байлап) алып барат ведут (лошадь), нацепив ей на чёлку перья филина;
үкү аяктуу (о лошади) мохноногая (шерсть нависает на копыто);
үкү аяктуу тулпардан кермеге кенен байлатып фольк. велев привязать к коновязи много мохноногих скакунов;
үкү баш тоок хохлатая курица;
үкүнүн (или сары үкүнүн) уясын тааптыр ему привалило большое счастье (букв. он нашёл гнездо филина);
үкүсү чыккан истрёпанный, рваный, изодранный;
тебетейинин үкүсү чыккан у него шапка истрёпана.

үкү

үкү
үкүсү чыгуу
үкүнүн уясын табуу

үкү

зат. 1. Күндүз жакшы көрбөгөн, ууга көбүнчө күүгүмдө же түнкүсүн чыгуучу жырткыч канаттуу. Үкүлөр үстүртөн учуп, ооздорун шакылдатты (Жантөшев). Үкү менен жарганат, Үңкүрдү көздөй салпылдап («Семетей»).
2. Ушул канаттуунун кооздук үчүн колдонулуп, көбүнчө кыздардын баш кийимине же чабыла турган күлүк жылкынын көкүлүнө тагылуучу канаты же жүнү. Кайруусу кере карыш кундуз тебетейдин төбөсүнө сеңселтип бир тутам үкүнү тагып койгон (Убукеев). Кызыл-тазыл кийинип, Кыздар үкү сайынган («Курманбек»). Ушул атым буудан деп, Үкүнүн жүнүн тактырып (Тоголок Молдо).
Үкүнүн уясын табуу — жыргай турган, адамды марыта турган шартка дуушар болуу, иши оңолуу. Үкүсү чыгуу — кебези, жүнү же кездемеси салбырап, самсаалап калуу, тытылып, тамтыгы кетүү. Үстүндөгү кийими да тытылган, ар кайсы жеринен үкүсү чыгат (Сыдыкбеков).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: