Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Үлгү
 

үлгү

 
1. пример, образец;
үлгү көрсөт- показать пример;
үлгү бол- стать примером, образцом;
2. (точнее кийимдин үлгүсү) выкройка;
3. что-либо оставшееся на память;
айлантмалуу чоң дүрбү, атадан калган чоң үлгү фольк. вращающаяся большая подзорная труба - оставшийся от отца большой дар на память.

үлгү

 
  • аналог
  • канон
  • модель
  • образец
  • стандарт (образец для подражания)
  • типовой
  • трафарет (шаблон)
  • шаблон
  • эталон (шаблон)
  • ҮЛГҮ

     
    «Оймочунун жүлгүсү, Ойротко кеткен үлгүсү, Шакегинин жүлгүсү, Шаарга кеткен үлгүсү» (Жеңижок). Бул — көркөм кол өнөрчүлүктө жасалуучу кооз буюмдун кагазга жана башка жердикке (кийиз, кездеме, таар, тери, темир, жыгач, мүйүз) түшкөн түрү. Кооз буюмдун өзүн кайрадан башкага өзгөртпөй көчүрүүсү да үлгү болот.
          Урунттуктуу эле буюм-кечелер ошол көркөмдүктүн кайталангыс үлгүсү болуп кала бербейт. Калк кандай кабыл алат. Көзүбүзгө таасын көрүнөбү, буюм айыл аралап, колдон-колго өтөбү, ал эл ичине кеңири сиңип кетсе, ошол нукура өнөрдүн көркөм үлгүсү боло алат. Албетте, ал өзүнүн баштапкы үлгүсүн өзгөртүп, алымча-кошумчаланып, бир нече түрлөнүп кетет да, жараткан чебердин аты жөнү айтылбай, бара-бара унутулуп калат. Мындай көрүнүштүн болушу элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн негизги касиетине жатат. Бул даанышман өнөрүбүз карым-катыш алып, элдин ой-пикирин, акылын, талантын, жашоо-турмушун, көз карашын, зор түйшүгүн баяндап келүүсү аркылуу үлгүнүн кадыр-баркы артылат.

    үлгү

     
  • analog
  • analogue
  • counterpart
  • lookalike
  • paragon
  • sample
  • scantling
  • simular
  • specimen
  • stencil
  • styled
  • template
  • templet
  • wildcard
  • үлгү

     
    sample [‘саампл];
    pattern [‘пэтэн]

    үлгү

     
    pattern

    үлгү

     
    үлгү
    үлгү-насыят
    үлгү ырлар
    үлгү сөз

    үлгү

     
    шаблон

    Үлгү

     
    Шаблон

    Үлгү

     
    Образец

    үлгү

     
    зат. 1. Тигилип же жасалып чыгарыла турган нерсенин, буюмдун калыбы. Бир үлгүдө тигилгендей окшош кийимдер (Сыдыкбеков). Оюунун үлгүсү.
    2. Өрнөк, таалим, нуска. Кызылча баккан кыз-келин Зууранын алсын үлгүсүн (Осмонкул). Келечекке үлгү болор Эмгек калсын өмүрлүк (Аалы).
    Үлгү ырлар – акыл-насият айтуу, тарбиялуу болууга чакыруу маанисинде айтылган ырлар.


    Хотите добавить свой перевод для слово: "Үлгү"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru