Меню
Эл-Сөздүк

шыка

этиш. 1. Абдан ныктай салуу, батырымдуу кылып ныктоо, тыгуу; таптоо, ныгыруу. Эски узун мешоктун айрыгын көктөп, аны деңкейтип жумшак топонго шыкап, өзүмдүн боюма теңеп алган элем («Советтик Кыргызстан»). Тоонун карын шамал айдап келип, кокту колотко шыкаган (Каралаев).
2. Зордоп ичирүү, жедирүү; ашыра ичирүү, тойгузуу. Аялдар [Гүлайымга] ого бетер шыкап ичиришет (Бейшеналиев). Ырдабаса шыкагыла бозого (Үмөталиев).
3. Чукул, такай баруу, дал түбүнө жете келүү. Эл ашууга шыкай барып калышты. Ашууну шыкап барып конолу.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: