Меню
Эл-Сөздүк

шор

шор I
(в ряде случаев трудно разграничить шор I и шор II)
1. солончак;
шор жер солончаковая почва;
2. солёный (в своём естественном виде);
шор суу солёная вода (напр. морская);
шор көл солёное озеро;
3. засохшие на теле (солёные) капли пота; комочки грязи от засохшего пота;
тер чыккандан шор чыгат у кого пот выходит, у того и соль выходит (в виде застывших комочков);
аттын баарын жаратып, таң ашырып, шор катып фольк. коней всех тренирует, на выстойку ставит, пот насыхает;
шор теке южн. бедный, несчастный; жадно набрасывающийся на что-л. съедобное;
туз бербеген шор теке жадно набрасывающийся на соль козёл (которого оставили без соли);
өрүк көрбөгөн шор теке лапылдатып өрүк жеп атат он, бедняга, не имевший урюка, жадно ест урюк;
көрбөгөнү көр болду, ичпегени шор болду он перенёс всякие беды и лишения;
кайнаткан шорго туш болуп фольк. попав в беду неминучую;
мени шорго салба не принеси мне несчастья;
бей-бечараны шорго малды он несказанно угнетал бедных и беззащитных;
шору каткан несчастный;
душмандын шорун кайнаткан фольк. он приносил врагу великие беды;
шорумду кайнатпа не причиняй мне неприятностей; не вовлекай меня в беду;
журттун шору калың у народа большое несчастье;
шорум куруду я совершенно изнемогаю от бед.
шор II
(см. шор I) несчастье, беда;
жандарма, төрө, залимдер жаралган менин шорума фольк. тираны, жандармы, чиновники созданы на моё несчастье;
башчысы Манас зор экен, беттешкен жандын шору экен фольк. главарь у них громадина Манас, он - несчастье тех, кто схватывается с ним;
шор маңдай несчастный;
кайда болсо, карыптын маңдайында калың шор фольк. везде и всюду бедняки несчастны;
шорумду колго берет он замучает, изведёт меня;
шору арылбаган тот, кого постоянно давят заботы и лишения;
шордун шору ушул! вот это беда, так беда!;
менин шорума к моему несчастью;
көр кылып, шор кылып всеми и всяческими способами.
шор III
подражание швыркающему звуку, шмыганью носом;
мурундарын шор тартып, көк муштум болуп үшүгөн балдар посиневшие от холода и шмыгающие носом дети;
шор-шор уурта- с шумом, швырканьем втягивать в рот (жидкость).
шор- IV
южн.
то же, что сор-.

шор

шор (туздуу)

шор

шор (мээнет)
шор маңдай
шору кайноо
шору арылбоо
шорун кайнатуу
шору калың
шоруң каткыр

шор

шор (туур.): шор-шор,
шор этүү

шор

I зат. 1. Туздуу топурак. Эшилген аппак шор басып, Орчун-орчун жол басып («Семетей»). Кеберленген шорду тепсеп мүрөк суу, Кеткен тура жашыл жакут чөгөрүп (Аалы).
2. Туздуу, тузу бар. Шор суу. Шор топурак.
3. өт. Азап, кайгы, муң. Бешенеңе бүтүптүр, Арылбаган катуу шор (Токтогул).
Шору кайноо же шору катуу — азап тартуу; кырсыкка, бакытсыздыкка жолугуу.
ШОР II туур. Суюктукту катуу, тез-тез ууртаганда же мурдун тартканда чыккан дабыш.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: