-
шак
-
шак I
ир.
1. ветвь, ветка;
чырпыктан жаа, ок кылып, чымчыкты аттың шактардан фольк. сделав из веток лук и стрелы, ты сбивал пташек с ветвей;
бак-шак или карагай-шак деревья;
кыштак ортосундагы мейкинге бак-шак тиккен на свободном месте посредине кишлака он посадил деревья;
бакта-шакта болом я буду в саду;
кара шак южн. ветви, оголённые от плодов;
2. южн. хворост, которым покрывают обрешетины плоской крыши;
3. (точнее шак арык) мелкие оросительные каналы, по которым вода проводится непосредственно на посевы;
шак сал- или шак тарт- проводить оросительные каналы по посевам;
шак ийилген көп санаа многое множество забот (букв. так много, что ветвь гнётся);
шагы сынды он унижен, посрамлён;
душмандын шагы сынды враг посрамлён;
шагын сындыр- нанести кому-л. обиду, унизить, посрамить кого-л.;
эл алдында шагын сындырат он его унизит в глазах народа;
баланын шагын сындырып койдуң ты обидел ребёнка (напр. грубо крикнул на него);
кырк шак название вышивного узора.
шак II
(точнее таруу шак) толчёное просо, просяная крупа, употребляемая для приготовления бузы;
шак кайнат- варить бузу;
базарда шактын каны жерге тийбейт на базаре просяная крупа нарасхват;
ак шак то же, что акшак.
шак III
1. действие, произведённое вдруг или неожиданно;
аялдын бетинен шак өөп алып, анан чыгып кетти он вдруг поцеловал женщину в щёку и вышел;
оюма шак этти мне вдруг пришло в голову (букв. на мысль);
Шаршенин үнү шак дей түштү вдруг раздался голос Шарше;
башына шак дей түшту (что-то) неожиданно шлёпнулось ему на голову;
эшикти шак жаап койду он захлопнул дверь;
дубалга чекеси шак дей түштү он лбом стук об стенку;
шак кайрылып вдруг (или резко) повернувшись;
алаканын шак койду он всплеснул руками (в знак удивления, сожаления, горя);
ал кымызды шак жутуп жиберди он кумыс залпом выпил;
айткан сөзү кулагыма шак угудду его слова мне очень отчётливо послышались;
кыйкырган үнү кулакка шак эле дей түштү ясно послышался крик;
2. подражание резкому и отрывистому звуку;
шак эткен үнү жок жоош келин тихая скромная молодуха (которая не повышает голоса и не говорит грубых слов);
шак дедире бир салды он трахнул, хлопнул (ударил);
жаакка шак эттире бир чапты он закатил звонкую пощёчину;
анча болбогондо Бообектин таягы Сасыкбайдын башына шак эте түшмөк если бы не это, то палка Бообека трахнула бы по голове Сасыкбая;
шак-шак или шак-шук звукоподражание повторному щёлканью, шлёпанью;
шак-шак эт- то же, что шакылда-;
шак-шак эткен катынды үй чечкенде көрөрмүн погов. то же, что шакылдаган катынды үй чечкенде көрөрмүн (см. шакылда-);
мылтык замогу шак-шак затвор ружья (винтовки) щёлк-щёлк.
шак IV
южн.
то же, что шүүдүрүм;
шак түшүптүр пала роса.
шак V:
ала шак или агала шак см. ала, шакшак II.
-
шак
-
I зат. 1. Бактын бутагы. Эң сонун Москванын бир чоң багы, Ийилет ар кай жерде бактын шагы (Үмөталиев). Кубулжуп булбул сайраса, Талдын көркү шагында (Жантөшев).
2. Сугаруу, суу жаюу үчүн салынган майда тармактуу арыктар.
♦Шагын сындыруу — көңүлүн калтыруу; уят кылуу. Кемпир кызды эч күнөөсүз жерден тилдегендей сезилди, шагын сындыра какканын жактырбадым («Ала-Тоо»). Таштанбек чал жүйөлүү сөзгө такалып, шагы сына түштү (Убукеев).
ШАК II зат. Бозо салуу, малга жем кылуу үчүн тегирменге тартылган таруу же башка эгин. Таруу шак. Жүгөрү шак.
ШАК III туур. 1. Урулуудан, кагылуудан чыккан кыска, ачык дабыш. Эшиктен чыга бергенде эле шак-шак эткен камчынын үнү угулду («Советтик Кыргызстан»). Ышкырды аяз чапчып, туман каптап, Боздодум дат айталбай тишим шак-шак (Бөкөнбаев). Кийин-кийин жаштык күндөрүңдү эстеп, алаканыңды шак коюп каласың (Бейшеналиев).
2. Тез, дароо, чукулунан; күтүлбөгөн жерден. Шак буруп тракторду айдап Эрмек, Алгандай эскиликтен өткөн өчүн (Бөкөнбаев). Сырткы каалганы ачкан кезде ылдыйкы этажга шак эле муздак аба кирет («Ден соолук»).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
шак