-
учкун
-
зат. 1. Күйүүдөн же абдан ысып кызуудан пайда болгон кыпын, оттун чачыраган майда кыпындары. Анда-санда алоолоп жанган куурайдын учкундары түндүктөн көрүнөт (Жантөшев). Кызыл учкун [чарыктан] шыр-шыр этип чачырады (Сасыкбаев).
2. Кандайдыр бир нерсенин жылтылдаган майда бөлүкчөсү. [Алексей Александрович] кумду алаканына салып, аны күндүн нуруна кармап турду эле, жылт-жулт эткен майда учкундар даана көрүндү (Таштемиров).
3. Эгинди сапырганда туш-тарапка чачыраган майда-барат ыпыр-сыпырлары. [Кырмандын] ары жагында учкуну менен аралашып азыраак буудай жатат (Жантөшев).
4. өт. Кандайдыр бир сезимдин, жөндөмдүүлүктүн ж. б. сезиле түшкөн элеси. Анын [Гүлайдын] көзүнөн сүйүүнүн аябай чатырап жанган отунун учкундары көрүнгөнсүдү (Абдукаримов). Килбаштын кайраттуу көзүнөн кубанычтын учкундары көрүндү (Абдукаримов).
♦Учкун алдында — эң мурда, а дегенде, биринчи болуп. Учкун алдында келүү. УЧКУР учкул менен бирдей.
Примеры переводов: учкун
Кыргызский
Русский
учкун
искра (LE);
Примеры переводов: учкун
Кыргызский
Английский
учкун
spark(le);
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
учкун