уйпала этиш. 1. Жапырып, иретсиз чаташ абалга келтирүү, бырыштыруу. Жердин чөбү узарбайт, Уйпалап күндө тепсесе (Осмонкул). 2. өт. Жок кылуу, жоготуу. Угузба андай сөзүңдү, Уйпалап коём өзүңдү («Манас»). Ылаачын чилди тепкендей, Уйпалаган замбирек (Үмөталиев).