-
төк
-
этиш. 1. Кандайдыр бир суюктукту чачып же шарт куюп жиберүү; жаба куюу; ичиндегисин көңтөрүп же ыргытып таштоо; чачыроого дуушар кылуу.
2. Катуу жаап кирүү. Фабрикага жеткенде жамгыр төгүп жиберди (Сасыкбаев).
3. Тапшыруу, төлөө. Акча төктү. Налог төктү.
4. өт. Коё берүү, абдан күчөтүү, үстөкө босток демөө, ашып-ташуу. [Чоко] өзүнчө наалып кимгедир каарын төгөт (Жантөшев). Ырды төгүп ырдады.
♦Абийирин төгүү — айбын ачуу, уят кылуу. Абийрин төкпөй аңшаңдап Ардактасын карыганды (Шүкүрбеков). Төкпөй-чачпай айтуу — эчтемесин калтырбай бүт айтуу. Даша менен кандайча сүйлөшкөнүн [Гаврилов] Савельевге төкпөй-чачпай айтып берди (Сасыкбаев).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
төк