Меню
Эл-Сөздүк

түй

этиш. 1. Жип-шуунун учун тоголок кылып байлоо, бекитүү, түйүн болгудай кылып байлоо. Чарык жиптин бир учун түйүп, бир учун саптап алып көйнөгүн жамай баштады (Мидин).
2. Түйүнчөк кылып ороп, байлоо. Үч-төрт сомун жоолукка түйдү (Сыдыкбеков).
3. Токуу, согуу. Алима жүндөн жоолук түйдү (Убукеев).
Кабак түйүү — капалануу; түнөрүңкү мүнөздө болуу. Каныбек кабагын түйө, терең улутуна дем алды (Жантөшев). Сыр түйүү — сырды ичине сактоо, жашыруу. Сыр алышып, сыр түйгөн сырдашың келип саламга (Токтогул). Көңүлгө түйүү, акылга түйүү же көкүрөккө түйүү — эсте сактоо, эстен чыгарбоо, унутпоо. Мөмө түйүү — мөмө алуу, мөмө байлоо. Быйыл аз гана мөмө түйгөн алма жыгачы бир аз жылда мөмө төккөн кенчке айланат (Сыдыкбеков). Муштумун түйүү — колдун манчаларын муштай тургансып жумуу. Муслимахун муштумун түйүп, тишин кычыратып, комдоно калды (Жантөшев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: