Меню
Эл-Сөздүк

тинтүү

и. д. от тинт-
обыскивание, обыск; расследование, розыск;
тинтүү сал- производить розыск, разыскивать;
Жаңгир кожо кайда экен, жүргөнүн адам билерби? тинтүү салып кел деди стих. ты разузнай (букв. произведи розыск), не знает ли кто-нибудь, где обретается Джангир ходжа;
тинтүүнү талап кылышты они потребовали расследования;
тинтүү бөлүмү уст. уголовный розыск.

Тинтүү

ТИНТҮҮ – кылмыш-жаза иши боюнча (издөө жана тартып алуу жолу менен) далилдерди табууга багытталган тергөө иш-аракеттери. Тергөөчүүнүн прокурор тарабанын санкцияланган, негиздүү токтому боюнча, милдеттүү түрдө күбөлөрдү катыштыруу менен жүргүзүлөт. Өзгөчө кырдаалдарда, эгер изделип аткан жана тартылып алынууга жаткан объектин аны табууну кечеңдетүүдөн улам, анын жоголуп кетүү, бузулуу же кылмыш максаттарына пайдаланылуу коркунучу реалдуу, же изделип жаткан кишинин жашырынып кетүүсү ыктымал болсо, Т. прокурордун санкциясы жок эле тергөөчүнүн токтому боюнча, бирок, кийин аны бир күндүн аралыгында сөзсүз кабарландыруу менен жүргүзүлө бериши мүмкүн. Кечеңдетүүгө болбой турган Т-лөрдөн башкалардын баары күндүз жүргүзүлөт. Т-нү жүргүзүү үчүн ошол жайда же жерде, болбосо көчөдө иш үчүн мааниси бар кылмыш куралы, буюмдары, документтер жана баалуулуктардын бар болуусу мүмкүн экени тууралу жетиштүү маалыматтардын болгону негиз болуп саналат. Т. ошондой эле издөөдөгү адамдарды жана өлүктөрдү табуу үчүн жүргүзүлөт. Негизи болсо, тинтилүүчүнүн денесиндеги, кийим-кечелериндеги жана жанындагы буюмдардан буюмдарды жана документтерди табуу жана алуу максаттарындагы жеке Т. тергөөчүнүн тапшыруусу боюнча алгачкы тергөө органынын кызматкери же башка киши тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жеке Т. тинтилүүчү менен бир жыныстагы адам тарабынан, күбөлөрдүн, ал эми зарыл болгондо атайын адистин катышуусу менен гана жүргүзүлөт. Жүргүзүлгөн Т. жөнүндө протокол түзүлөт.

тинтүү

тинт этишинин кыймыл атоочу.

Примеры переводов: тинтүү

Кыргызский Русский
Санкциялаган тинтүү же алып коюу, коомдук тартипти сактоо, кылмышкерди кармоо, адамдын өмүрүн, саламаттыгын жана мүлкүн коргоого багытталган учурлардан башка убакта эчким бирөөнүн туракжайына кирүүгө укуксуз. Никто не вправе войти в жилище за исключением случаев, когда это необходимо для проведения санкционированного обыска или выемки, чтобы обеспечить общественный порядок, задержания преступника или спасения жизни, здоровья или имущества человека.

Примеры переводов: тинтүү

Кыргызский Английский
Санкциялаган тинтүү же алып коюу, коомдук тартипти сактоо, кылмышкерди кармоо, адамдын өмүрүн, саламаттыгын жана мүлкүн коргоого багытталган учурлардан башка убакта эчким бирөөнүн туракжайына кирүүгө укуксуз. No one shall have the right to enter a dwelling except in cases when it is necessary to conduct a sanctioned search or seizure of property, to secure public order, to arrest a criminal or to save the life, health or property of an individual.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: