|
Тилкат
|
|
ТИЛКАТ – кандайдыр бир нерсени (м.: аткаруу милдеттенмеси, күбөлүк, лицензия, техника коопсуздугу боюнча нускама, чакыртма) алгандыгын күбөлөндүрүүчү бир жактуу кол коюлган документ. Укукта жазма далилдин бир түрү болуп саналат. Айрым учурларда келишим түзүлгөндүгүнүн күбөсү болуп саналат; м.: зайымчынын жазуу жүзүндөгү Т-ы, болбосо зайым берүүчүнүн белгилүү бир өлчөмдөгү акчаны же кандайдыр бир сандагы буюмду бергендигин күбөлөндүргөн документ болгондо гана зайым келишими түзүлгөн катары таанылат.
|