Меню
Эл-Сөздүк

тик-

тик-, тигет, тиккен

тик

тик (кездеме)

тик

тик (тике)
тик айт-
тик ашуу
тик багып карагыс
тик бурч. (мат.)
тик ылдый
тик көз
тик көтөргүч
тик турма

тик

I зат. Кендирден же пахтадан согулган тыгыз кездеме. Тик тышталган матрас.
ТИК II сын. Кыйшайбаган, тике, түз турган абал, жантайбаган, кыйшайбаган, түз, вертикалдуу абал. Отурбай тик туруу. Тик тура калуу. Зоодон тик секирген. Тик ылдый. Тик өйдө.
Тик салуу — бир нерсени көздөй түз бет алуу, жүрүү, жөнөө. Сары жондон түлкү көрдү, тик салды, Шашпай туруп оң колуна бирди алды (Осмонов). Тик багуу — тайманбастан түз кароо, жалтанбастан тике кароо. Тик багып найза саярда, Жумба, балдар, көзүңдү! (Жантөшев). Тик багып келген душмандар, Калганы жок жеңилбей (Барпы). Аягы менен тик туруу к. аяк I. Тикеси менен тик туруу—отурбай, дем албай тынымсыз иштөө. [Шахтёрлордун] көпчүлүгү тикелеринен тик турушту (Сасыкбаев). Тик жака — моюнга ороло топчулануучу бийик жака. [Сабырга] тик жака кители кынап койгондой жарашыктуу (Сасыкбаев).
ТИК III этиш. 1. Кийим же башка нерселерди даярдоо үчүн кездемеге же башка материалдарга тигиш түшүрүү, кийимди же башка нерселерди тигилген, даярдалган абалга жеткирүү. Юдина жетекчилик кылган бригада балдардын көйнөгүн тигет («Советтик Кыргызстан»). Өтүк тик. Баштык тик.
2. Боз үйдү, чатырды көтөрүү, орнотуу, куруу. Жайкы күн... эрке Ысык-Көл толкуп жатыр, Боюна пионерлер тиккен чатыр (Маликов). Тигип отурган боз үйүңүздүн өндүрүш комбинатынан сатып алгандагы баасы канча? («Чалкан»).
3. Көчөт отургузуу, уругун, тукумун жерге көмүү (мис., картошканын, ашкабактын, дарбыздын). Өзөндөп тиккен дарактар, Баары тегиз бүр байлап (Турусбеков). Дарбыз тиккен участок.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: