Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - сүр
 

сүр-

 
сүр-

сүр

 
сүр I
грозность, грозный и важный вид; величие; важность;
адамбы десем, сүрүң жок принял было я тебя за человека, (да) важности (подобающей человеку) в тебе нет;
сүрү бар киши человек, внушающий к себе почтительное отношение, внушающий благоговейный трепет;
сүрүн суук салды он очень грозно посмотрел.
сүр II
(о мясе, рыбе) вяленый;
сүр эт вяленое мясо.
сүр III
подражательное слово;
сүр-сүр перепалка, громкая перебранка.
сүр- IV
1. тереть; строгать (рубанком, фуганком), скоблить;
2. двигать вперёд;
сүрө куу- неотступно гнаться за кем-л.;
сурамалап сүрө кууп, жолуктум кечээ өзүңө стих. расспрашивая, я неотступно гнался и вчера (нагнал и) встретился с тобой;
эрдик кылсаң сүрө кыл если проявляешь храбрость, проявляй решительно, неотступно;
артынан сүрө түш- прям. , перен. неотступно преследовать;
артынан сүрө түшүп алыптыр он его преследует так, что дохнуть не даёт;
анан бара-бара, "ак молдонун" артынан сүрө түштү а затем он докатился до того, что начал пить беспробудно (букв. перешёл к неотступному преследованию водки);
Алтайдан буларды капсалаң мээнет сүргөн с Алтая их согнала крайняя нужда;
суу сүр- пригнать (пустив) воду;
сууну өз убактысына сүрүп келсем если я вовремя пригоню воду (на полив);
өмүр сүр- или турмуш сүр- проводить жизнь, существовать, жить;
узун өмүр сүрүңүз желаю вам долго жить;
доорон сүр- или доор сүр- властвовать, наслаждаться властью;
жигиттик сүр- упиваться молодечеством, удалью;
күйөөчүлүк сүрүп жүрдү он наслаждался положением жениха (бывал у невесты, ночевал у неё);
таң сүргөндө на рассвете;
таң сүргөндөн бери с самого рассвета.

сүр

 
sür.

сүр

 
сүр (сүрсүгөн эт)
сүр бол-
сүр эт

сүр

 
сүр (айбат)
сүр көрсөт-
сүр-сөөлөт (кыр көрсөткөндүк), сүрсөөлөттү

сүр

 
I зат. Айбат, айбаттуулук таасири, башкаларга чочулоо сезимин туудуруучу сес. Душманың жазганабы, сүр болбосо (Барпы). Балдар.. айбаттуу карынын сүрүнөн чочулашты (Сыдыкбеков).
СҮР II зат. Туздап кургатылган (сүрсүтүлгөн) эт. Баканды жакшы көргөзгөн Башында майлуу сүр болот (Осмонкул). Коңшубуздун сүр этин Казанына салдырган (Осмонов).
СҮР III этиш. 1. Бир нерсенин бетин жукалап кыруу, тегиздөө, жонуу, жылмалоо. Мелмилдеген талаа сыдыргы менен сүргөндөй түз, сүргү менен сүргөндөй тегиз, алда нече салаа («Советтик Кыргызстан»).
  1. 2.                  Жышуу, сыдырып аарчуу, сүртүү. Абылкасым атынын жонун чөп менен сүрө кетти (Байтемиров).
  2. 3.                  Кубалоо, кууп чыгуу; куугунтуктоо. Айыгышкан душмандарды Айбат менен сүрөлүк (Аалы).
  3. 4.                  Таратуу, таркатуу. Атыр жыттуу жел жүрүп, жөө туманды туш-туш тарапка сүрө баштады (Жантөшев). Биздин элди темселеткен ошол караңгылыкты түбөлүккө сүрүп, мына, Ленин атанын жарыгы тегиз тийди го! (Сыдыкбеков).
  4. 5.                  Жылдыруу, бир жакты көздөй багыт алдыруу. Суу сүрүп жүрдүк. Жылкыларды берки бетке сүрүп келе кой.

Таң сүрүү — таң атуу, жарык боло баштоо. Аңгычакты таң сүрүп, Чыга келди алтын күн («Мендирман»). Өкүм сүрүү — 1) толук орноо, үстөм болуу. Тымтырстык үй ичине кайра өкүм сүрдү (Жантөшев). Калыстык, адилеттик өкүм сүрсүн (Борбугулов); 2) башкаруу, үстөмдүк кылуу, бийлик кылуу. Өкүм сүргөн калмакка Жалпы аттанып алгыла («Эр Табылды»). Өмүр сүрүү — жашоо. Эркек-аял жар болуп, Өмүр сүрсө тең кызык (Осмонкул). Гүлдөп өмүр сүргүлө, Эркин ойноп күлгүлө (Турусбеков). Доорон сүрүү же доор сүрүү — өз эркинче болуу, өмүрүн көңүлдүү өткөрүү, жыргоо; бийлик жүргүзүп, жакшы турмушта жашоо, үстөм болуу. Он чакты күнү жүрөлүк, Ойноп доорон сүрөлүк («Семетей»). Арабага ат ордуна адам чегип, Жолбундар бийлик кылып, доорон сүргөн (Маликов). Жыл сүрүү — мүчөлдүн жылдары боюнча канча жашта экендигин, кайсы жылы туулгандыгын ж. б. аныктоо, эсептөө. Жылымды сүрсөм жылкы экен (Маликов).


Хотите добавить свой перевод для слово: "сүр"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru