-
сырт
-
1. внешняя сторона, внешность; то, что находится не внутри, а за пределами чего-л.;
шаардын сыртында за городом;
шаардын сыртындагы находящийся за городом, загородный;
дос сыртыңдан мактар, душман көзүңчө мактар погов. друг хвалит за глаза, враг хвалит в глаза;
калың топтон баралбай, сырттан салам айтты, бакырып фольк. будучи не в состоянии пройти сквозь гущу толпы, он выкрикнул приветствие издали (т.е. стоя вне толпы);
душмандын сыртында болгончо ичинде бол погов. чем быть вне врагов, лучше будь внутри их (лучше быть осведомлённым о кознях, которые строят против тебя);
сырттан оку- учиться заочно;
көп адамдар институттарда жана техникумдарда сырттан окушат многие учатся заочно в институтах и техникумах;
сырттан окуу заочное обучение;
сырттан кес- юр. заочно приговорить;
сырттан кесил- юр. быть заочно приговорённым;
сырт бүтүм ист. заочное решение бия (см. бий II);
2. периферия; местность, отстоящая далеко от столицы, от города;
сыртка барып келдим я съездил в район;
3. тыльная сторона, спинка, обух (ножа, меча);
бычактың сырты спинка ножа (противоположная острию);
бычак сырты май тонкий слой жира (напр. на брюхе лошади);
колдун сырты тыльная сторона ладони;
колуңдун сырты менен кактың ты решительно отверг (букв. оттолкнул тыльной стороной ладони);
4. сырты (высокогорное плато, высокогорная долина);
сыртына тарт- пополнеть, посвежеть, поправиться (но не чересчур пополнеть, не рыхлой полнотой; стать как огурчик);
сыпаты башка жылкыдан, сыртына тартып, суугандай фольк. вид (у этого коня) отличный от всех коней, он посвежел, будто готов к скачкам (см. суу- III);
ат семизи кымпыйсын, сыртына тартып зыңкыйсын фольк. жирные кони пусть подтянутся, поздоровеют и (и ещё раз) подтянутся;
сырт сал- недружелюбно, неодобрительно относиться; дуться;
сыртын салып жүрөт он ходит с недовольным, обиженным видом;
сен мага эмне сыртыңды салып калгансың? ты что это на меня дуешься?
сырт салып, карабай да койгон он выказал недовольство и даже не взглянул;
сырт салып, жооп бербейт он надулся и не ответил;
ат куйругун сыртына салып (или басып) ойноктоп кетти лошадь задрала хвост и взбрыкивает;
сырт бер- резко отвернуться;
карсылдатып ок аттың, бурулган экен сыртыбыз фольк. ты с грохотом стрелял (в нас), мы пришли в расстройство;
жөн эле сыртын салып жүрөт он только внешне это проявляет; это у него показное (напр. спокойствие, храбрость и т.п.);
кулагынын сыртынан кетти прошло мимо его ушей.
-
сырт
-
зат. 1. Ички тарапка, ички бөлүккө карама-каршы жак, тышкары жак. - 2. Бир нерсенин тышы, тышкы бети, кабатталган, катмарланган нерсенин эн сырткы бөлүгү. Дептердин сырты. Сырты калың кийим. Сырты кара бөркү бар, Сырттан Манас каркыбар («Манас»).
- 3. Оолак болгондук, сырткары тургандык, катышы жоктук. Ушак-айың сөздөрдөн сырттамын. Жамандыктан сырттамын.
- 4. Өз көзүнчө эмес, өзүнүн катышы. аралашуусу жоктук. Сыртынан мактоо. Сыртынан кол коюп жибере салуу.
- 5. Бир жагы миздүү куралдын мизине карама-каршы келген экинчи жагы. Кетмендин сырты. Бычактын сырты. Балтанын сырты.
- 6. Бийик тоолуу жерлердеги бөксөлөр, бөксө тоолор, адырмак сымал жерлер. Сырт жайытын кыштаган уйлар келе элек (Убукеев). Ысык-Көлдүн сырттары.
♦ Сырт кийим — сырттан кийилүүчү кийимдер (мисалы: пальто, чапан, ичик ж. б.). Сырттан окуу — окуу жайларындагы күндөлүк сабактарга, лекцияларга үзгүлтүксүз катышпастан, көбүнчө өз алдынча даярданып окуй турган окуу системасы. Сыртын салуу — жактырбаган түр көрсөтүү, жакшы мамиле кылбоо, мурчуюп калуу. Данияр Жамийлага таң калгандай түктүйө карап, сыртын салды (Айтматов). Бычак сырты — жука, калыңдыгы бычактын сыртынчалык; аз эле, бир аз. Батыш өз боюн жогору көтөрүп, Гүлнардан бычак сырты өйдө тургандай болот (Сыдыкбеков). Муруту жаңы келаткан Бычак сырты кылтыйып (Осмонкул).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Такое же слова на других языках:
RU
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
сырт