-
суу
-
суу I
1. в разн. знач. вода;
агын суу или аккан суу текучая, проточная вода;
агын сууда арам жок погов. проточная вода не погана;
жемиш суусу фруктовая вода;
суу проводу водопровод;
суу салыгы водный налог;
суу транспорту водный транспорт;
жокко суу да жок погов. уж для кого нет, так и воды нет (а не то, чтобы угощения или ещё чего-л. существенного);
суу кой- южн. пускать воду (на посев);
суу тер- южн. см. тер- II;
сууга түш- купаться, мыться (мыть своё тело);
кийим алмаштырбай, сууга да түшпөй не меняя одежды и даже не купаясь;
суу алган водой затопило; водой унесло;
сууга сал-
1) класть в воду;
2) купать (животных);
сууга салдыр- велеть загнать в воду (животных, перен. и людей);
Арзыматты жеңген ырчыларды Дыйканбай сууга салдырып коюп сабатуучу певцов, которые побеждали Арзымата (манап) Дыйканбай велел загонять в воду и бить;
сууга ал- обмывать (покойника);
сууга алуу обмывание (покойника);
суу куй-
1) лить воду;
2) перен. прислуживая, поливать на руки воду при умывании;
анын атын токуйт, отунун алат, суусун куят он находится у него в услужении (букв. седлает его коня, собирает ему топливо, подаёт ему воду для умывания);
3) перен. прислуживаться;
суу сеп- брызгать водой, поливать (напр. улицу);
суу сепкендей совершенно затихло;
күбүр-шыбыр суу сепкендей тып басылды перешёптывания и разговоры сразу прекратились;
суу атасы
1) источник воды;
суу атасы булак погов. источник воды - родник;
2) миф. хранитель вод;
суу атасы Сулайман чылбырдан сүйрөп калды хранитель вод (пророк) Соломон взял (коня) за повод и потащил (из воды);
суу чач- брызгать водой;
артынан суу чач- этн. побрызгать водой вслед (отбывающему) как предостережение от могущих быть бед и неудач;
башынан тегеретип (или айлантып) суу чач- этн. обведя сосуд с водой вокруг головы, выплёскивать воду (магическое действие над прибывшим издалека, совершаемое в благодарность судьбе);
2. река; речная долина (в горах; прежде киргизские аулы располагались по долинам речек);
бир суунун эли население одной речной долины; население, обитающее вдоль одной речки;
Тияншандын сансыз булак, суулары бесчисленные родники, реки (речки) Тянь-Шаня;
бөлөк айыл болуп, бөтөн сууга конду он выделился в особый аул и расположился (со своими людьми) по другой речке;
сурнайдын үнү угулуп, суу-суудан киши чогулуп фольк. послышался звук зурны, из разных речных долин люди собрались;
суу анчалык чоң эмес река не очень большая; воды (в реке) не так много;
кашка суу река с чистой прозрачной водой;
кара суу карасу (речка, питающаяся подпочвенными водами);
3. сырой, влажный, мокрый;
суу чыбык сырой (зелёный) прутик;
суу жыгач сырое (зелёное) дерево;
суу отун сырые дрова;
суу кир мокрое бельё;
суу бол-
1) вымокнуть, намокнуть, стать мокрым;
жаанга суу болгон он под дождём вымок;
2) перен. измучиться;
суу болдум я измучился;
колу менен берип, аягы менен суу болот погов. дав рукой, ногой будет мучиться; дурная голова ногам покоя не даёт;
минтпесем, акчаны тез өндүрүп алалбай, суу боломун если я так не поступлю, то не смогу скоро получить деньги и изведусь;
суу кыл-
1) намочить, вымочить;
2) перен. измучить;
акчамды бербей, мени абдан суу кылды он не отдавал мне мои деньги и вконец измучил меня;
4. закалка;
темирдин суусун билген уста искусный кузнец (букв. кузнец, который знает закалку металла);
көктүн суусу кумыс;
ак суу или тунук суу шутл. водка;
суу ич-
1) пить воду;
2) (о растениях) получать полив, быть политым;
буудай эки суу ичти пшеница полита два раза;
суудан кал- остаться без полива, без орошения; не быть политым;
пахта бир суудан калып отурат хлопку не хватает одного полива;
3) (в народной медицине) лечиться водой (пить только воду, не принимая пищи);
бир ай суу ичип жатты месяц он пил воду и тем лечился;
ооруп, суу ичип айыкты он заболел, пил воду и поправился;
өлбөсө да, бир ай суу иче турган болду если он и не умрёт (от побоев), то пролежит (букв. будет пить воду) месяц;
ал мени суу ичкидей сабады он меня избил-исколотил;
ичер суусу бар экен он ещё поживёт на свете;
ичер суубуз бар мы ещё поживём;
күнү бүтүп, суусу түгөндү дни его сочтены (букв. кончились), пришёл ему конец;
ичер суум куруптур пришёл мне конец;
суу кошпой в чистом виде, без примеси;
суу кошпой, түшүнүп алган көрүнөм я, кажется, понял всё точно;
мурундун суусу сопли;
мурундун суусун тарталбайт он (от слабости) не может носом шмыгать;
суу мурун сопляк;
каканак суусу воды (околоплодные);
бел суу сперма;
суу жүрөк боязливый, трусливый;
суу жукпаган ловкач; тот, кто из воды сухим выходит;
кара суудан каймак алат (о ловкаче, проныре) с воды сливки снимает;
оозуман кара суу келип турат у меня живот подводит (от голода);
оозунан кара суу келгенде когда его голод доймёт;
сары суу
1) сыворотка;
2) сукровица;
3) вода, смешанная с нечистотами;
ичкени - сары суу он питался только мутной водой (болтушкой, брандахлыстом);
жүрөгүнүн сары суусун алды он его сильно напугал;
суу кечип алгыча пока грозит опасность;
суу кечип алгыча гана жарашыптыр они помирились только на время (а потом опять начнут каждый своё);
суу кечпей кал- оказаться бездоказательным, неправдоподобным, легко опровержимым;
жалаасы сот алдында суу кечпей калат его клевета на суде будет легко опровергнута;
суу куйса, төгүлгүс жорго иноходец с ровным ходом;
кытай тилин суудай билет он великолепно знает китайский язык;
суудай тилмеч ловкий, бойкий переводчик;
жер-суунун баарына даңазалаган раззвонили по всему свету;
суу чечек см. чечек 1;
суу сийдик см. сийдик 2;
суу мончок см. мончок 1;
жинди суу см. жинди;
никенин суусу см. нике;
жерге-сууга тийгизбей см. тийгиз-;
суу карек см. карек.
суу II
суу кудук (в эпосе) священный колодец (у монголов, калмыков).
суу- III
1. охлаждаться, становиться холодным, остывать;
чай сууп калды чай остыл;
2. (о коне, которого тренируют к скачкам) становиться поджарым, подтянутым в результате систематического обильного выпота;
аргымак тер менен сууйт аргамак становится подтянутым (готовым к скачкам) в результате выпота;
эликтей сууп, жараган (о скаковом коне) он готов к скачкам, стал поджарым, как косуля;
сууган күлүк скакун, подготовленный к скачкам;
сууган күлүк жылкыдай перен. подтянутый, стройный (о человеке; букв. как скакун, подготовленный к скачкам);
3. перен. (о людях) охладевать, отчуждаться; разочаровываться;
алардын ортосундагы жакындык бара-бара сууп кеткен близкие отношения между ними постепенно сменились отчуждённостью;
укканда кубанып, көргөндө көңүл сууйт погов. когда слышишь (о ком-л.), сердце радуется, видишь - сердце разочаровывается;
кызуу иштин аягы сууганча пока страсти улягутся; пока пройдёт напряжённое состояние;
эл аягы сууган кез время наступления вечерней темноты (когда народ перестаёт находиться вне дома).
-
суу
-
суу (суюктук)
суу агызгыч
суу аралашма
суу ашырбоо
суу байлыктары
суу бара
суу болуу
суу бою
суу бөлгүр
суу бүргөлөр зоо.
суу бүркүттөр
суу деңгээли
суу жаныбарлары
суу жеткирүү
суу жинди
суу жолу
суу жоолук (сүлгү)
суу жугузбоо
суу жукпас
суу жүрөк (коркок)
суу жылан
суу инженери
суу ичкендей болуу
суу кагаз
суу кадастры (а. ч.)
суу карек
суу кечирүү
суу кечпеген сөз
суу кошпоо
суу куйду
суу куймасы
суу куйса төгүлгүс
суу куйса чайпалгыс
суу курулуш архитектору
суу май (өсүмдүк майы)
суу массаж
суу менен дарылоо
суу мончок
суу мунарасы (тех.)
суу мурун
суу мылтык
суу нугу
суу объектиси
суу оору (вет.)
суу өлчөгүч
суу өсүмдүктөрү (бот.)
суу өткөрбөөчү катмар
суу пайдалануу
суу режими
суу ресурстары
суу сактагыч
суу самолёту
суу самын (шампунь)
суу сепкендей болуу
суу сийдик
суу сузгуч (тех.)
суу тартарлар (зоол.)
суу ташкыны
суу текелер (зоол.)
суу техникасы
суу тилмеч
суу топтомо
суу турбинасы
суу укугу
суу чарбасы
суу ченегичтер (зоол.)
суу чечек
суу чорго
суу чөлмөктөр (зоол.)
суу чыгымы
суу чычкандар (зоол.)
суу электрстанциясы
суу энергетикасы
суу эрозиясы
сууга салуу
сууга түшкөн чычкандай
суугуна тоңуп, ысыгына күйүү
суудай билүү
суудан кечкиче
суудан кургак чыгуу
-
суу
-
I зат. 1. Булак, өзөн, дарыя, көл, деңиздерди пайда кылуучу, химиялык жагынан алганда водород менен кислороддун кошулушунан келип чыккан түссүз суюктук. Суу — жерге, байлык — элге (макал). - 2. Өзөн, дарыя. Куюп жатат Чычканга Жети-Суудан эки суу (Токтогул). Сызылат башка суудай чыкпайт чуусу, Менсинет, көйрөңдөнбөйт Москвасуусу (Аалы).
- 3. Кургак эмес, ным. Суу болгон кийимдериңерди кургаткыла (Жантөшев). Суу тал. Суу отун.
- 4. Жемиштин, мөмөнүн суюк маңызы, ширеси жана ошол сыяктуу суюктуктар; Азыраак компоттун суусун ичтим (Жантөшев).
♦ Жер-суу — тиричиликке жана чарбачылык иштерин жүргүзүүгө ылайык шарттары менен бирге жалпы эле жерге карата айтылган жалпылоочу сөз. Кедейлер жер-сууга ээ болгон заман. Колхоздун жер-суусу. Отун-суу — үй тиричиликке эң эле зарыл болгон отун, суу сыяктуу оокат-тиричилик жөнүндө жалпылай айтылган сөз. Эгин-тегинге, чөп-чарга, отун-сууга каралашып берип, насыяңарды үзөрсүңөр! (Жантөшев). Сууга алуу — өлгөн адамдын сөөгүн жууп-тазалоо. Агын суу — аккан суу; токтотулуп коюлбаган, агып жаткан суу. Суу сактагыч — сууну токтотуп, көбөйтүү, топтоо, сактоо үчүн курулган жасалма көлмө. Топон суу — диний түшүнүк боюнча: адамдардын күнөөсү үчүн кудай жазалап бут дүйнө жүзүн каптаткан сел, суу ташкыны. Топон суу жетпес Бээжинге Токтобой кыргын салам деп («Манас»). Кара суу — саздак жерлерден сызылып чыгып чогулган суу. Мойнуна кара таш байлап, Кара сууга салган ким? (Аалы). Асты жагы Ит кечпес, Имерилген кара суу («Манас»). Оозунан кара суу келүү — курсагы ачып, өзөгү караруу, оозунан суу келүү. Ичер суу — адамдын жашоосу, көрөр күнү, өмүрү. Маани жайын байкасам, Ичер суум куруптур («Мендирман»). Жүрөгүнүн сары суусун алуу — коркутуп, санааркатып бүтүрүү, чочуркаган, санааркаган абалга жеткирүү. Жинди суу — сүйл. арак, ичкилик. Жүргөн жери ызычуу Эч кимге жакпас жинди суу (Шүкүрбеков). Суу мончок — тунук мончок, айнектен жасалган мончок. Турдукан кунандын көкүлүнө, куйругуна суу мончок такты (Бейшеналиев). Суу кагаз к. кагаз. Суу жоолук — сүлгү. Шалактатпай бутумду Суу жоолук менен таңайын («Эр Табылды»). Суу май — өсүмдүк майы. Суу майга жасалган этсиз, тузу ачуу капуста сорпо (Абдукаримов). Суу мылтык — суу сордуруп жана кайра аны атырылта чачыратып ойнош үчүн түтүктөн (көбүнчө балтыркандын сөңгөгүнөн) насос өңдөнтүп жасаган оюнчук. Суу мылтык кылып алышып, Атып жүрөт балалык (Токтогул). Суу жүрөк — коркок, жалтак. Колтугуна суу бүркүү к. колтук. Суу куйса төгүлгүс же чайпалгыс — бөжүгөн, жүрүшү тынч, бөжүгөн жүрүштүү, мыкты (жоргого карата). Биздин колхоздун суу куйса төгүлгүс сур жоргосу жарышта биринчи болуп келди. Көктүн суусу — кымыз, айран, сүт жөнүндө жалпылап айтылган сөз. Бел суу — эркектин уругу; сперма. Мурдуна же тумшугуна суу жетүү — мүңкүрөгөн абалга жетүү; айласы кетип, турасы түгөнүү. Сиркеси суу көтөрбөө — эч нерсени уккусу келбөө, туталануу.
СУУ II этиш. 1. Илеби кайтуу, муздоо, салкын тартуу. Тамак сууп, эртеден бери столдо ичилбей туруп калды («Чалкан»). Абаз абанын ысыгы тез сууп, тез кеч киришин чыдамсыздык менен күтүүдө (Таштемиров).
2. Мурдагыдай болбой калуу, кызуу болбой калуу, көңүлү кала түшүү, деми кайтуу, басаңчалоо. Жакшы кеңеш угамын деп айткан Жанболоттун көксөсү сууп, көчөгө чыкты (Шимеев). Эненин кызыл өңү бозоруп, сабыры сууй түштү (Сыдыкбеков).
3. Тапталуу, көкүрөгү басылуу, мыкты чуркай турган болуп бышыгуу. Аргымак сууйт тер менен («Олжобай менен Кишимжан»). Сууп калган буудандар, Сүмбөдөй болуп жарады («Семетей»). Аттар сууп калганда, Таңга супа салганда («Эр Табылды»).
♦ Изи сууй элек — көп убакыт өтө элек, эскире элек, унутула элек. Эл аягы сууган кез — баскан-тургандар, келгенкеткендер азайып, сейрек тартып калган, тынчып калган мезгил, учур.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
суу