Меню
Эл-Сөздүк

соору

1. круп;
соорусу бийик, жону түз (у коня) круп высокий, спина ровная;
капкан соору крутобёдрый;
2. ягодица;
май соору седалище, мягкие части;
3. кожа с крупа;
соору өтүк сыромятные сапоги (из кожи крупа);
соору өтүктүү
1) в сыромятных сапогах;
2) перен. простолюдин, бедняк;
көк соору
1) южн. выделанная кожа зелёного цвета с крупа лошади;
көк соору өтүк южн. сапоги из кожи с крупа лошади;
2) щурок, щур;
жердин, соорусу благодатная земля (плодородная изобилующая тучными пастбищами);
жаныбарым Ысык-Көл, жер соорусу турбайбы! фольк. милый мой Иссык-Куль, ведь это же благодатная земля!;
ат соорусун сал- убегать, удирать на коне (круто повернув коня);
ыргып жайдак минди да, ат соорусун салып кете берди он вспрыгнул, сел на коня охлюпкой и удрал.

соору

зат. 1. Куймулчак менен эки жамбаштын үстү жак бөлүгү. Соорусу казандай. Жакып күдүңдөп жаш жылкынын башын, жонун, соорусун сылагылап, бутун кармап көрдү (Бейшеналиев).
2. Малдын жамбаш менен куймулчак арасындагы териси жана андан жасалган кайыш. Ат өлгөндө жамандар Соору керек болучу («Манас»). Чоң кисе жанда шалпылдап, Соору өтүк сууга чалпылдап («Эр Табылды»).
Жер соорусу — эн, жакшы жер, жердин мыктысы. Бул жарыктык Ысык-Көл, Жер соорусу турбайбы, Жердесе Ногой тунбайбы («Семетей»). Арык жок, айдагандын баары чыккан, Москва — соорусу экен бүтүн жердин (Үсөнбаев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: