-
сиң
-
этиш. 1. Акырындык менен сорулуп, сиңирилип кетүү. Себелеп жааган жамгыр билинбей жердин кыртышына сиңип жатты («Ала-Тоо»). Көлкүлдөп күн нуруна мөңгү жибип, Кумга, коңулдарга кирет сиңип (Мидин). - 2. Ичкен-жеген тамагы аш болуу, бойго тароо. Сиңбеди бойго ашыбыз, Кыпкызыл канга боёлду, Кыйноону тартып башыбыз («Манас»). Шондогу беш минуттук бакыт даамы Каныма беш жүз жылга сиңип калды (Осмонов).
- 3. Бекем орун алуу, биротоло бекип, кабыл алынып кетүү, көндүм болуп калуу. Турмушка сиңген жаңы салт. Кулакка сиңген сөздөр. Сөөккө сиңген адат.
- 4. Эмгеги, кызматы, кадыры ж. б. өтүү, кандайдыр бир даражада белгилүү болуу, таанылуу. Элге кадыры сиңген адам. Түбөлүк жашап каласың, Эмгегиң сиңсе заманга (Шүкүрбеков). Даңкы угулуп жер-жерге, Элге сиңди кызматы (Осмонкул).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
сиң