Меню
Эл-Сөздүк

салкын

1. прохлада; прохладный;
күзгү коңур салкын лёгкая осенняя прохлада;
оводогу булуттун салкынынан бүткөндөй фольк. он создан как бы из прохлады небесной тучи;
салкын тийип калат можно простудиться;
2. южн. ветер;
авада салкын көп болсо, алманын шагын катырат фольк. если погода очень ветреная, она сушит ветви яблони;
3. перен. приятный;
жароокер кыз койнундай салкын жайлоо джайлау приятны, как объятия ласковой девушки;
көңүлүм салкын тартып калды настроение у меня упало; меня охватило чувство разочарования;
салкын көз менен кара- относиться небрежно невнимательно;
ишке салкын кара- относиться к делу небрежно, с прохладцей.

салкын

салкын
салкын кандуу
салкын кароо
салкын көз менен кароо

салкын

сын. 1. Мелүүн, серүүн, ысык да, суук да эмес. Күзгү коңур салкын. Салкын жели бетке урган, Таңы сонун Ала-Тоо (Бөкөнбаев). Атырдай жыттуу салкын жел Адамдын черин тараткан (Нуркамал).
2. Суз, көңүл кош. Эртең менен биринчи учурашкандагы салкын мамилеси да Мыскалды көп ойлондурган (Убукеев). Кыздын жылмайышы да суз, салкын, муңдуу жылмайыш болду (Сыдыкбеков).
Салкын кароо же салкын көз менен кароо — көңүлү келбей, кош көңүл мамиле кылуу; шалакылык кылуу. Закон колхозго салкын карагандарга жол бербейт (Каимов). Расын айтсак: мектеп ишине, башкарма, сиз да салкын көз менен карайсыз.. (Сыдыкбеков). Салкын кандуу — токтоо, сабырлуу. Нуркасым албеттүү, салкын кандуу жигит (Сыдыкбеков). Көңүлү салкын тартуу — эч нерсеге пейили чаппай, кызыкпай калуу, көңүлсүздөнүү.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: