Menu
Эл-Сөздүк

резидент

resident
Перевести через онлайн Переводчик

Examples of translations: резидент

Kyrghyz English
Өлкө чегинен тышкары резидент эместер тарабынан чыгарылган (эмитирленген) электрондук акча.
Өкмөттүн жана резидент эместердин депозиттерин эске албаганда, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, ошондой эле башка финансы-кредит мекемелеринин депозиттери.
Бул, резиденттердин белгилүү бир күнгө карата резидент эместер алдында орун алган шартсыз милдеттенмелеринин төлөнбөгөн суммасын түшүндүрөт. Ал келечекте белгилүү бир учурда (учурларда) пайыздардын жана/же негизги карыздын карыз алуучу (карыз алуучулар) тарабынан төлөнүшүн талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өткөн жана акча которуу системасынын ишин камсыз кылган, түзүлгөн өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү уруксат берүү документине (лицензияга, каттоо сертификатына) ээ Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы, резиденти жана резидент эмеси.
Ченемдик укуктук актылардын алкагында, эл аралык төлөм системаларынын эрежелерине жана анын операторлорунун (Кыргыз Республикасынын резидент эместеринин) талаптарына ылайык чыгарылган жана тейлөөгө алынган эл аралык карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасы. Системада, анын катышуучулары ортосунда картты пайдалануу менен төлөмдөр боюнча чет өлкө валютасында өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү эрежелери белгиленет.
Өлкөнүн тышкы финансылык активдери жана милдеттенмелери менен операциялары төлөм теңдеминин финансылык эсебине кирет. Өлкөнүн тышкы финансылык активдери монетардык алтындан, ЭВФтин атайын карыз алышуу укуктарында авуарлардан жана резидент эместерге карата талаптардан турат. Өлкөнүн тышкы милдеттенмелери резидент эместердин резиденттерге карата талаптарынан турат. Финансылык эсепти классификациялоо эң оболу, чет өлкө инвестицияларынын функционалдык багытына негизденген: тике, портфелдик жана башка инвестицияларга; туунду финансылык инструменттерге; резервдик активдерге бөлүнөт.
Акча-кредиттик жөнгө салуу органдарына (же акча-кредиттик жөнгө салуу органдары аларга таасирдүү контролдукту жүзөгө ашыра алган башка субъекттерге) тиешелүү болгон, 995/1000ден төмөн болбогон сапаттагы камдык актив катары сакталып турган алтын. Куйма алтынды жана алтындын берилишин талап кылуу укугун чегерген, резидент эместер менен алтын эсебин камтыйт. Куйма алтын 995 сапат белгисине ээ таза металлдан жасалган монета, куйма формасында болот, буга жооптуу сактоо эсептеринде турган алтын да кирет. Борбордук банктын эсептеринде финансылык актив катары сакталып туруучу, өлчөнгөн куймалар рыногунун Лондон ассоциациясынын эл аралык «Good delivery» стандартындагы куйма алтын запасы.
Активдерге ээлик кылууга укуктуу, өзүнө милдеттенмелерди алып, чарбалык ишкердикти жүргүзгөн жана башка чарбалык бирдиктер менен операцияларды ишке ашырган чарбалык бирдик. Ар бир институционалдык бирдик активдер жана милдеттенмелер боюнча баланстык ведомостторду кошо алганда, чарбалык ишкердиктин эсебин жүргүзүүгө же аны зарылчылыкка жараша ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Институционалдык бирдиктердин эки түрү бар: жеке адамдар же үй чарбаларында алектенген адамдардын тобу жана корпорацияларды, коммерциялык эмес уюмдарды жана мамлекеттик мекемелерди түшүндүргөн юридикалык жактар. Институционалдык бирдик-резидент экономиканын беш секторун түптөйт: финансылык эмес корпорацияларды, финансылык корпорацияларды, мамлекеттик мекемелерди, үй чарбаларын, үй чарбаларын тейлеген коммерциялык эмес уюмдарды.
Өлкөнүн төлөм теңдеминин бөлүгү, анда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөр экспортунун жана импортунун көлөмү, анын инвестициялардан таза кирешесинин көлөмү жана трансферттик төлөмдөрдөн таза көлөмү белгиленген. Төлөм теңдеминин күндөлүк операцияларынын эсебинде резиденттер жана резидент эместер ортосунда жүргүзүлгөн экономикалык баалуулуктар менен кайсы болбосун операциялар (финансылык активдерди жана милдеттенмелерди эске албаганда) камтылат. Ошондой эле, мында күндөлүк керектелүүчү баалуулуктарды кайтарымсыз берүү же алууга байланыштуу операциялар да эске алынган. Мында, товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, кирешелер жана күндөлүк трансферттер да камтылган. Товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, кирешелер жана күндөлүк трансферттер боюнча сальдону негизинен, “күндөлүк операциялар боюнча сальдо” же “күндөлүк операциялар эсебинин сальдосу” деп аташат.
1) Бир өлкөдөн экинчи өлкөгө төлөмдөр түрүндө акча каражаттарынын жылышын чагылдырган таблица, ведомость. Төлөм теңдеми белгилүү бир мезгил ичинде бир өлкө тарабынан чет өлкөгө жөнөтүлгөн төлөмдөрдүн жана ошол эле мезгил ичинде башка бир өлкөгө келип түшкөн суммалардын катышын мүнөздөйт. Акча каражаттарынын түшүүсү алардын чыгымдалышынан ашкан төлөм теңдеми активдүү, ал эми карама-каршы келген учурда – пассивдүү деп аталат. Соода балансы төлөм теңдеминин бөлүгү болуп саналат, анда товарлардын таза экспорту, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспортунан турган күндөлүк операциялар балансын, инвестициялардан кирешелерди, которууларды жана капиталдын агылып чыгуусунан жана агылып кирүүсүнөн турган капиталдын жылышы балансын камтыйт. Эрежедегидей эле, күндөлүк операциялар эсебинин сальдосу жана капиталдын жылышынын сальдосу теңдештирилет;
2) Төлөм теңдеминде өлкөнүн башка өлкөлөр менен белгилүү бир мезгил аралыгындагы тышкы экономикалык операциялары тууралуу суммардык маалыматтар системага салынган түрүндө чагылдырылат.
Көпчүлүгү резиденттер жана резидент эместер ортосунда ишке ашырылган мындай операцияларга товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана кирешелер менен операциялар; ошол өлкөнүн калган өлкөлөргө карата финансылык талаптарына жана милдеттенмелерине байланыштуу операциялар; трансферттер катары классификацияланган (мисалы, тартуулоого тиешелүү) операциялар кирет.



Found words in another language:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: