Меню
Эл-Сөздүк

олжо

добыча, трофей (на войне, на охоте);
атасы Манас эр көк жал - олжого кыргыз кеткенде - Алтайга барып туулган фольк. отец (Семетея) сивогривый богатырь Манас родился на Алтае, когда киргизы (из Таласа туда) были уведены как добыча;
олжо катын ист. жена, полученная в качестве военной добычи (считалась ниже "законной" жены);
олжого түш- попасть в плен в качестве добычи;
олжого түшүр- пленить, взять в плен в качестве добычи;
олжого бат- получить большую добычу;
олжо-буйла добыча-добытки, всякого рода добыча;
бүгүн олжо-буйла көп болду сегодня добычи было много;
олжо-буйла менен кайттык мы вернулись с кое-какой добычей, мы вернулись не с пустыми руками;
эмне олжо-буйла менен кайттыңар? с какой добычей вы вернулись?
ал-жайымды, олжо-буйламды сурабайсыңар вы не спрашиваете, как я себя чувствую, какие у меня добытки;
ит жеминдей олжо см. жем;
олжо агасы см. нокто.

олжо

олжо
олжо ал-
олжо-буйла
олжо көр
олжо кул

Олжо

Олжо (Олжо-буйлалуу болуу) – бул күтүүсүздүн табылган табылга, бирөөлөрдүн бергени. Талаа-түздөн тапкан буюм-кечелери, акча-тыйындары, таң-тамашалардагы мелдештерде, ууга чыкканда ж.б. жерлерде жолдуу кайтуусу (Акматалиев А.Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам, 2000. 186-б.).

олжо

зат. 1. Аңчылыктан, мергенчиликтен ж.б. табылган табылга, пайда, байлык. Этти эки атка бөлө артып,. олжо менен үйгө кайттык («Ала-Тоо»).
2. Жоолашууда, согушта кас тараптан тартып алынган, колго түшкөн мүлк, курал-жарак, байлык. Алар жоортуулдан тапкан олжолорун тептең бөлүшүп, дайым бир-бирин жоодон кайтарышчу экен (Аалы). Олжо сеники болду («Ала-Тоо»).

Примеры переводов: олжо

Кыргызский Русский
олжо Трофей.

Примеры переводов: олжо

Кыргызский Английский
олжо Trophy.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: