Меню
Эл-Сөздүк

күт-

1. ждать, ожидать;
туура саат беште күтөм; андан беш минута өтсө, күтпөйм буду ждать ровно в пять часов; если после этого пройдёт пять минут, ждать не буду;
күтпөгөн жерден откуда ни возьмись; неожиданно; вдруг;
күтпөгөн убакта когда не ждали;
күтүп ал- встретить;
мени вокзалдан күтүп ал ты меня встречай на вокзале;
2. заботиться, ухаживать;
мал күт- разводить скот, заниматься скотоводством;
күндө эт жеген киши мал күтөбү? айында эт жебеген киши жан күтөбү? погов. разве тот, кто каждый день ест мясо, скот заведёт? разве тот, кто в месяц (раз) не ест мяса, жизнь (букв. душу) сбережёт?
ал өмүрүндө мал күтпөгөн он в жизни своей не имел скота;
конок күт- ухаживать за гостями; угощать гостей; принимать гостей;
конокту жакшылап күтүп ал ты хорошенько прими гостей;
катынды күтүп албаган күң кылат погов. кто о жене не заботится, тот делает (её) рабыней;
3. иметь, владеть;
жүз сом күткөнчө, жүз жолдош күтөйүн погов. (калька с русского) не имей сто рублей, а имей сто друзей;
үй күт- иметь свой домашний очаг;
Алтайды күтүп, жер кылдык фольк. мы владели Алтаем, благоустроили (сделали обитаемым) его;
ордо күтүп, эл жыйып, жатпай турган жер бекен! фольк. разве это не такое место, чтобы на нём устроить ставку, собрать народ и жить!;
эр күт- или күйөө күт- иметь мужа, быть замужем;
күнөө күтпөс (о человеке) безгрешный; тот, кто не совершает проступков, не делает ошибок;
тирүүлүктө күнөө күтпөс пенде жок стих. нет человека, который бы в жизни не согрешил;
учурунда бир аз дөөлөт күткөн в своё время он был зажиточным;
акылына арамдык күтпөгөн у него в уме плохого не было (т.е. он злых мыслей не имел);
жал күт- (о коне) войти в тело;
кыял күт- иметь свой нрав;
малда да күткөн бир кыял болот и у скота свой нрав, свои думки;
ыйман күтөт он религиозен;
бейил күт- см. бейил.

күт

этиш. 1. Келет деп же кандайдыр бир аракет, окуя, жооп, уруксат ж. б. болот деп токтой туруу, күйө туруу, аярдап тура туруу. Жылдызкан.. тигилердин турушун чыдамсыздык менен күттү (Байтемиров). [Ракыя] энеси менен атасынын берер жообун күттү (Байтемиров).
  1. 2.                  Болот деген ишеничте, ойдо, үмүттө болуу. Ой, энеке, сенден күчтүү жан барбы, Кандай күч бар сенден жардам күтпөгөн (Аалы). Чегиртке бүгүн Акмандын оозунан мындай жоопту угамын деп күткөн эмес (Сыдыкбеков).
  2. 3.                  Тосуп алуу, каршы алуу, барктап сый көрсөтүү. Кадырлап жакшы күтпөсө, Каргадай болгон жалгыздын Канын суудай чачамын («Эр Табылды»). Конок күтүп, кубанабыз той берип (Нуркамал). Улуу Октябрь элге берген таалай бак, Адал иштеп таалайды күт жакшылап (Шүкүрбеков).
  3. 4.                  Өзүндө бар же өз карамагындагы малдын, нерсенин ж. б. камын көрүү, багып-кароо, кармай билүү. Чарбанын күчү болобу Жемдеп, чөптөп күтпөсө (Осмонкул).
  4. 5.                  Ээ болуу, кармоо, сактоо; бар болуу. Ак ниеттүү жылкычы, эмгегинен мал күткөн (Акаев). Короо, үй күтүп не керек, Курбуң басып кирбесе (Осмонкул). [Батиш] кээде кара таштай мелтиреп мүнөз күткөн кыз (Сыдыкбеков). Шаанилүү сөөлөт күткөн эркин элим, Кубанып, жаңы жылың куттуктаймын (Бөкөнбаев).

¨ Күтпөгөн жерден — ойлобогон жерден, байкоосуздан, кокусунан. Мен үчүн күтпөгөн жерден бактынын кени чыккандай болду (Аалы). Күтпөгөн жерден жолугуп, Чочуп кетти Каныш да (Жантөшев).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: