-
кыр
-
I зат. 1. Тоонун кырка тартып, жондонуп чыгып турган бөлүгү, тоонун көтөрүлүп чыгып турган жону. Аттуулар кыр өйдө келип жакындаганда Алыбек Темировду тааныды (Жантөшев). Жамгырым, жамгырым, Көгөрт тоонун ой, кырын (Осмонов). - 2. Бир нерсенин чети, кырданып чыгып турган бөлүгү. Атай суудан секирип, арыктын кырына чыкты (Бейшеналиев). Жер тамдын кырында.. кара чыйырчыктар олтурат (Сасыкбаев).
- 3. Каптал. Көмөрөсүнөн жаткан Каныбек сол жаккы кырына оодарылды (Жантөшев).
- 4. Жал, жал-жал, жон-жон кылып үйүлгөн үйүндү. Батыйманын көзүнө кырманга додолоп койгон, кыр-кыр кызыл буудайларга окшоп көрүндү (Убукеев). Эчен кыр данга толгон кырманында, Чамынып молотилка турган чагы (Маликов).
♦ Кыр жабуу — эгин көйкөлүп текши чыгып, жердин карасын көрсөтпөй жаап калуу. Буудайы кыр жаап келгенде, Арпасын эрте сугарган (Токтогул). Кыр көрсөтүү к. көрсөт. Көз кырын салуу — кайрылышып туруу, жардам берүү, карай жүрүү, көңүл бөлүү. Кырына чыгып алуу — үстөм болуу, үстөм келүү. Эми Мамбет да.. [Мамбеткулдун] кырына чыгып алды (Каимов).
КЫР I этиш. 1. Жок кылуу, өлтүрүү. Жыргалга кастык кылганды, Жыландай жанчып кырамын (Бөкөнбаев). Кырамын өзү келген ач көз жоону, Колхоздун адырынан чөп чапкандай (Үмөталиев).
2. Бир нерсени сүргүлөп тегиздөө, сүргүлөп тазалоо, сүрө тартып ажыратуу, бөлүү. Табак-аяк кырат, кашык жасайт (Аалы). Айран калдым мен көрүп, Апийимди кырганын (Осмонкул). [Аттын] жанына барып, мойнунан сылап, каткан терлерин кырды (Каимов).
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | кыр |
Множ. число | кырлар |
Синонимы |
---|
тоо |
Склонение по падежам - "кыр"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | кыр |
Родительный Чей? | кырдын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | кырга |
Винительный Кого?, Что? | кырды |
Местный Где?, У кого? | кырда |
Исходный Где?, У кого? | кырдан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | кырлар |
Родительный Чьи? | кырлардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | кырларга |
Винительный Кого?, Что? | кырларды |
Местный Где?, У кого? | кырларда |
Исходный Откуда?, От кого? | кырлардан |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Похожие слова на других языках:
RU
- Кыргызпатент (ru-kg)
- Кыргызская тонкорунная порода овец (ru-kg)
- Кыргызские товары (ru-kg)
- Кыргызский язык (ru-kg)
- Кыргызско русский переводчик (ru-kg)
- Кыргызско-русский переводчик (ru-kg)
- Кыргызстан-сувенирная страна. 31-августа мы отмечаем день ре (ru-kg)
- Кыргызстанские участники внешнеторговой деятельности (ru-kg)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
кыр