Меню
Эл-Сөздүк

КЫПЧАК

КЫПЧАК — этноним. «Манас» эпосунда К-тар кыргыз эли менен тектеш (Кыргыз, кыпчак уругум, кыз үчүн балам кетем деп; Сагымбай Орозбаков, 2. 153) уруу катары айтылат. К. биринчи жолу 8-кылымда уйгур башкаруучусу Моюн-Чурга арналган эстеликте кездешет. Ал доордо К. Саян-Алтай тоолорунда жашашкан. 11 — 13-кылымда болсо Алтайдан Кырым жана Дунайга чейинки аралыкта көчүп жүрүшкөн. Махмуд Кашгаринин «Сөздүгү» боюнча К-тын бөлүгү Талас өрөөнүндө жана Кашкар шаарынын жанында да жашашкан. Ферганалык автор Сейф ад-Дин Аксыкентинин «Мажму ат-таварихи» (16-к.) боюнча Таластагы Каркара өрөөнүн К-тар ээлешкен. Манастын атасы жана чоң атасы да ушул аймакты башкарган. Манас баатыр Каркарада төрөлгөн, анын чоролору да каркаралык болушкан. Кыргыздар менен К-тар чектеш, аралаш жашагандыгын далилдейт. Ошол себептен Манас баатырдын теги айрым убактарда кыргыздардын К. уруусунан чыккан болуп көрсөтүлүп калышы ыктымал. К. бир топ түрк элдеринин анын ичинде кыргыздардын курамына кошулган. Эпостун бүгүнкү күндөгү варианттарында бир катар белгилүү каармандар (Мисалы, Төштүк, Үрбү жана башкалар) К. уруусунан деп берилет.
Ө. Караев


Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: