кыймылда этиш. Кыймылга келүү, аракетке келүү, козголуу, аракеттенүү, иштөө. Берди сүйлөшмөк тургай, кыймылдаган жок (Жантөшев). Дмитрийдин эриндери кыймылдап,.. сакалы майда-майда дирилдейт (Сыдыкбеков). Грузчиктер тыкан, шамдагай кыймылдап жатышат (Сасыкбаев).