Меню
Эл-Сөздүк

кызар-

краснеть;
күн кызарып чыкканда когда солнце, краснея, взойдёт;
бир бузулуп, бир кызарып то бледнея, то краснея (о лице - от злобы или боли);
токочтой кызарды он покраснел как кумач (букв. как хлеб; см. токоч);
чыйкандай кыпкызыл красный как рак (букв. как чирей);
кулагына чейин кызарды он покраснел до корней волос;
кызарып, жан бер- быть убитым (букв. окровавившись, отдать душу);
кызарган жер место, где режут скот (букв. покрасневшее место);
кызарган жерден кыя өтпөс сугалак он такой обжора, что не пройдёт мимо места, где режут скот (и где можно поесть мяса).

кызар-

кызар-
кызарып-бозоруу
кызарып-татаруу
кызара бөртүү

кызар

этиш. 1. Кызыл түскө кирүү, кызыл түскө өтүү, кызыл түс пайда болуу; канталап же кан жүгүрүп чыгуу. Спираль заматта кадимкисиндей кызарып чыкты (Бейшеналиев). Чыгыш тарап өрттөй кызарып, күн чачырай баштады (Байтемиров). Малиновскийдин болук бети кулагынан бери кызарып чыкты (Сасыкбаев).
2. өт. Уялган, кысылган абалда болуу. Мыскал эчтеке айта албай, кызарып кетти (Сыдыкбеков). Динар... бир аз кызарып кошо күлдү (Сыдыкбеков).
Көзү кызаруу — кызыгуу, көңүлү түшүү; абдан эңсөө, чыдамсыздык менен күтүү. Азыркы.. челекчи Афанас бүйрө адам го. Алма-өрүгүн көрсөк, көзүбүз кызаруучу (Сыдыкбеков). Элимден кабар келсе деп, Эки көзүм кызарды (Токтогул). Кызарып-татаруу — абдан ачуусу келгенде же күч келгенде буулуга тартып кызарып кетүү. Чымырканып бети-башынан бери кызарып-татарганы менен [ Сапар челекти].. жерден үзө албады (Бейшеналиев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: