-
кыбыла
-
ар.
1. Кыбыла кыбла, сторона Мекки (сторона, к которой мусульмане обращаются лицом во время молитвы, во время сна; так же кладут покойника в могилу);
Кыбыла көздөй (повернувшись или повернув) в сторону Мекки (обычно в отношении мусульман);
2. запад (для Средней Азии);
кыбыладан мелүүн жел жортуп, жылуу жаздан кабар келди подул ветер с запада, и повеяло тёплой весной;
кыбыладан жел согуп, асманды кара булут каптай баштады подул ветер с запада, тучи начали покрывать небо;
Кыбыла жылдыз южн. Венера (звезда);
төрт кыбыласы түгөл жетим круглый сирота;
төрт кыбыла тарапка ва все четыре стороны;
төрт тарабың кыбыла, каалаган жагыңа кете бер на все четыре стороны, скатертью дорога, отправляйся куда хочешь;
кыбыланы баштанып калган шутл. он в могилу смотрит;
кыбыла нама уст. компас;
төрт жагы кыбыла то же, что телегейи тегиз (см. телегей I).
-
кыбыла
-
зат.. 1. Мусулмандар бет алып намаз окуучу тарап. Асан, Турдубай, Пармандар кыбыланы карашып намаз окуп жатышат (Бөкөнбаев).
2. сүйл. Күн батыш тарап. Кыбыладан жел чыгып, кандайдыр бир жылуулук мемиреди (Сыдыкбеков).
♦ Төрт жагы же төрт тарабы кыбыла болуу — телегейи тегиз, иши оң, оюндагыдай болуу. Атабектин төрт тарабы кыбыла болду (Жантөшев).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
кыбыла