Меню
Эл-Сөздүк

куушур

этиш. 1. Кууш кылып кысуу, куруштуруу, тарытуу. [ Маманазар] Акматтын сол колунун манжаларын кабелтең колу менен куушура кармап койду (Жантөшев). Сыртынан куушура курчанып, дүкөнчү соода жүргүзүүгө киришти (Убукеев).
2. өт. Туш-тушунан кысымга алуу, айласын кетирүү, кысуу. Биздикилер душмандын шаштысын кетирип, куушуруп кирип барышты («Советтик Кыргызстан»).
¨ Кол куушуруу — эки колун бооруна ала ийилип, урматтагандыкты же баш ийгендикти билдирүү; баш ийүү. Ийнин куушуруу — «билбейм», «ким билсин» дегенди билдирүү.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: