Меню
Эл-Сөздүк

кундак

1. временное ложе (из овечьей или верблюжьей шерсти или скрученное жгутом одеяло), на котором лежит новорождённый до того, как его кладут в колыбель;
кундактагы бала новорождённый ребёнок;
кундагың боосу кут болсун! поздравляю тебя с колыбелью! (т.е. с появлением на свет; так поздравляют с новорождённым, обращаясь к нему);
2. (точнее мылтыктын кундагы) ружейный приклад, ложа ружья;
мылтыгынын кундагы менен урду он ударил прикладом своего ружья;
ак бараңдын кундагын, аталбасаң, сунбагын фольк. если не умеешь стрелять, не протягивай (т.е. не прикладывай к плечу) приклад ружья (см. бараң I).

КУНДАК

КУНДАК — ымыркай бала бешикке бөлөнгүчө жатуучу төшөкчө. Көбүнчө төө жүнүнөн, тыбыттан же койдун уяң жүнүнөн кат-кат төшөлүп, баштык же оромо түрүндө жасалган. Сырты кездеме, таар, жаргак менен капталган. Көчкөндө алып жүрүүгө, кереге башына илип коюуга, сууктан сактоого ыңгайлуу болгон. Эпосто көп жолугат. Мисалы, «Бешик боосу бек болсун, Кундагың боосу кут болсун!» (Сагымбай Орозбаков, 1. 70),— деп Манас төрөлгөндө Жакыптын Бакдөөлөткө кайрылганы, Семетей төрөлгөндө «Караган аман калчу эмес, Көзүндө кара калы бар эле», — (Саякбай Каралаев, 2. 223),— деп Каныкейдин К-тагы баланы Манаска көрсөтпөй турганы К-ты жаңы төрөлгөн баланын төшөнчүсү экендиги далилдейт. Каныкей менен Чыйырды Манас өлгөндөн кийин Букарга качып бара жатып жолдо Байтеректин түбүндө уктап калышат. Он эки айры мүйүздүү ак бугу келип, баланын К-ын чапкылаганда алты айлык Семетей К-ынан суурулуп чыгып кетет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 50). Мындан, К. бешик менен бирдей эле мааниде колдонулуп, кеңири тарагандыгын билүүгө болот. Мылтыктын найынын бешиги да К. делет.

кундак

кундак (мылтыктын),
кундагы, кундакка

кундак

кундак (наристенин тө шөгү), кундагы, кун дакка

кундак

I зат. Мылтыктын арткы жазы бөлүгү. Солдат Мамажанды мылтыктын кундагы менен бир койду (Жантөшев). Ак бараңдын кундагын, Ата албасаң сунбагын (Токтогул).
КУНДАК II зат. Баланы бешикке салганга чейин жатуучу жай, төшөк. Ал алачыкка кирээр менен, балага жасалган кундактын башындагы түйүнчөктү ала койду (Аалы).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: