куйкала этиш. 1. Союлган малдын баш-шыйрагын күйгүзүп, жүнүнөн тазалоо; күйгүзүп жиберүү. Шыйрак, баш куйкалап, куйкум жыттанып отурушат («Чалкан»). Үйдөй танкты кенебей, Куйкалаган замбирек (Үмөталиев). 2. Кактап ысытуу, абдан ысуу. Күн куйкалап турат.