капас зат. 1. Колго багылган куштарды камап коюучу тор, клетка. Капаска көнүп алган соң [бөдөнө] сайрап берет (Сыдыкбеков). 2. өт. Камак жай, түрмө. Капаста жүргөн Токоңо Кайгынын оту жагылган (Токтогул). Кубантып капастагы туткундарды, Куткарып алып чыктың кайгы зардан (Нуркамал).