Меню
Эл-Сөздүк

калкан

1. щит;
белинде кылыч, бир колунда калкан, бир колунда найза на чреслах у него меч, в одной руке щит, в другой руке копьё;
2. шлем;
3. перен. защита, прикрытие, убежище;
4. свинчатка (альчик, налитый свинцом);
5. (ср. көдөө, тулаң) ковыль;
6. то же, что калдыркан 1;
кулак калканы ушная раковина.

КАЛКАН

КАЛКАН — сайышып, кылыч менен чабышканда коргонууга ылайыкталып металлдан, кээде калың териден жасалган жоокер куралы. К. байыркы убакта эле пайда болуп, сүйрү, тегерек, төрт бурчтуу түрдө болгон. «Манас» үчилтигинин согуш окуяларында баатырлардын коргонуу жабдыктарынын бири катарында айтылат. Мисалы, Манастын Чүйдөгү Акунбешим менен болгон согушунда Тугалык баатырдын урушка кирер алдындагы жоо-жарыгы шайма-шай көрүнөт:
Туулга бар башында,
Тулуму бар чачында,
Карыпчы бар колунда,
Калканы бар жонунда (Сагымбай Орозбаков, 1. 134),— деп сүрөттөлөт.


КАЛКАН

КАЛКАН — топоним. Эпостун сүрөттөөсү боюнча, мисалы, Манас төрөлгөндөгү жентек тойдо байгеге чабылган күлүктөр К-дан коё берилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 81). Чоң казатка аттанган Манастын колу Бээжинге бараткан учурда К-ды басып өтүшөт (Сагымбай Орозбаков, 4. 63). Географиялык реалияда Иле өзүнүнүн оң жээгиндеги (Талды-Коргон облусунун, аймагы) чакан, жапыс тоо.

калкан

калкан (курал), калканга

калкан

калкан (өсүмдүк)
калкан сымалдар (зоол.)
калкан тумшук жыландар (зоол.)
калкандуу канталалар
(зоол.)
калкандуу чулдук (зоол.)
калканчан коңуздар
(зоол.)
калканчы сымалдар
(зоол.)

калкан

1. зат. Жоокерчиликте найза, кылыч жана башкалардан коргонуу үчүн металлдан жасалган согуштук курал. Кылыч менен чабышып, Калканын тосо калышып («Эр Табылды»).
  1. 2.                  Чүкөнүн таа жаккы таманына жакын калдайтып куюлган коргошун, кыт.
  2. 3.                  Чоң көпөлөк, калдыркан көпөлөк.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: