Меню
Эл-Сөздүк

кайчы

ножницы;
кайчы кап мешочек для ножниц;
кайчы өтүш- то же, что кайчылаш- II 2;
кайчы өтүштүк мы разъехались, разошлись (не встретились);
кайчы кел- идти вразрез с чем-л.;
кайчы куда см. куда I;
багыбызга кайчы см. бак II.

КАЙЧЫ

1). Чеберлердин уздук жана устачылык куралы. Күмүштү жана күмүш ордуна колдонуучу жезди, мисти, колону, калайды, нейзилберди, мельхиорду, датчалбасты жана башка заттарды кертүү-кесүү үчүн колдонулат. Анын эки жаагы калыңыраак темирден тандалат да, бир аз катуу келип, ал элпек кайчылоого шартташкан. Кайчынын кармай турган жагы баш бармак менен сөөмөйгө илингендей шакекче келип турат. Муну зергерлер «күмүш кайчы» деп да коюшат.
      2). Узчулук куралы. Жумшак нерселерди (кийиз, кездеме, тери, таар) кесүүчү кайчылардын жаагы элпегирээк келет да, сыйдараак жасалат. Кайчынын кармай турган жаагы тегерек шакекче болуп, баш бармак менен сөөмөйгө илинет. (Кайчы жаактарынын карама-каршы тургандыгынан «кайчыла» дегенден ушундай аталышы мүмкүн).

кайчы

кайчы
кайчы бакалар (зоол.)
кайчы гүлдүүлөр
кайчы куда
кайчы кулак
кайчы тумшук (зоол.)

кайчы

зат. 1. Эки миздүү тарабы бири-бирине айкаштырыла бекитилген, кармоого ылайыкталган тегерекчелери бар, бир нерсени кесүү, кыркуу үчүн колдонула. турган курал. Дарбазанын эшигине керилген кызыл лента кайчы менен кыркылды (Аалы). Оң колуна кайчы алган, Сол колуна барча алган (Тоголок Молдо). Отуздай кыркмачы келишип, кайчыларын чыртылдатып.. бошогон койду карашат (Жантөшев).
2. өт. Каршы, карама-каршы. [Жамила менен Айша].. кулк-мүнөздөрү жагынан бири-бирине кайчы келишпесе да,.. экөөнүн көңүлдөрү жакын эле (Баялинов). Кайчы өтүп кетишти.
¨ Кайчы куда к. куда. Кайчы кулак — ичке жана тик кулак (көбүнчө жылкыга карата). Эрлер минген асыл аттар бизде бар, Куран моюн, кайчы кулак, кулжа сан (Аалы).

Примеры переводов: кайчы

Кыргызский Русский
кайчы ножницы
Ар кандай тексттерди түшүндүрүүдө кайчы пикирлер болгон учурда француз тилиндеги текстке артыкчылык берилет. В случае разногласий по толкованию различных текстов предпочтение отдается французскому тексту имеет преимущественную силу.
Ал үчүнчү жактын өзүнүн комиссионерге карата ушул бүтүмдөн келип чыкпаган талаптарына негизделген кайчы пикирди комитентке карата билдирүүгө укугу жок. Третья сторона не может возражать против требований доверителя на основании своих претензий к комиссионера не вытекающие из этой сделки.
Тараптар келишимди түзгөн учурда негиз кылып алган жагдайлардын олуттуу өзгөрүшү келип чыкканда жана келишимдин аткарылышына көмөк көрсөтүүчү жагдайлар коомдук таламдарга кайчы келгенде, аларды келишим түзүп жаткан учурда алдын ала билүүгө мүмкүн болбосо, Если возникает существенное изменение обстоятельств, которые существовали на момент заключения контракта, и которые невозможно было предвидеть в момент заключения договора, и которые делают исполнение договора противоречит

Примеры переводов: кайчы

Кыргызский Английский
кайчы shears
Ар кандай тексттерди түшүндүрүүдө кайчы пикирлер болгон учурда француз тилиндеги текстке артыкчылык берилет. In case of differences of opinion on the interpretation of the various texts, the French text shall prevail.
Ал үчүнчү жактын өзүнүн комиссионерге карата ушул бүтүмдөн келип чыкпаган талаптарына негизделген кайчы пикирди комитентке карата билдирүүгө укугу жок. The third party may not object against the principal's claims based on the its claims to the commission agent not arising from this transaction.
Тараптар келишимди түзгөн учурда негиз кылып алган жагдайлардын олуттуу өзгөрүшү келип чыкканда жана келишимдин аткарылышына көмөк көрсөтүүчү жагдайлар коомдук таламдарга кайчы келгенде, аларды келишим түзүп жаткан учурда алдын ала билүүгө мүмкүн болбосо, If there arises a substantial change in the circumstances which existed at the time the contract was concluded, and which were impossible to foresee at the time of conclusion of the contract, and which make the performance of the contract contrary to the

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: