-
КААПЫР
-
КААПЫР, кьаапыр (арабча кьафир — динсиз) — ислам динин тутпаган элдин жалпы аталышы. Бардык варианттардагы окуяларда эскерилет. Эпос боюнча кыргыздар жана ага канатташ калктар, уруулар мусулман катары каралса, душмандар — кытай, калмак, ойрот, маңгул жана башкалар К. деп аталат. К. диний-этникалык жалпы ат катары колдонулуп, тяш боор, кара мүртөз, өзүмчүл адамдар да К. аталган. К. өзүнүн диний маңызынан ажыратылып, «акылсыз», «эссиз», «түркөй», «ыймансыз» маанисинде да колдонулат. Мисалы, кытайдын эр Жолою өз жылкычыларына «ат минбеген каапырлар...» деген ачуу сөз айтат (Сагымбай Орозбаков, 4. 313). Байбичеси Чыйырдыны бай Жакып: «Эсирген кандай каапырсың?» (Сагымбай Орозбаков, 1.19),— деп жемелейт.
-
Каапыр
-
Каапыр, каапыр (ар. кьафир – динсиз) – ислам динин тутпаган элдин жалпы аталышы. Бардык варианттардагы окуяларда эскерилет. Эпос («Манас». – Айгине) боюнча кыргыздар жана ага канатташ калктар, уруулар мусулман катары каралса, душмандар – кытай, калмак, ойрот, маңгул ж.б. лар К. деп аталат. К. диний-этникалык жалпы ат катары колдонулуп, таш боор, кара мүртөз, өзүмчүл адамдар да К. аталган. К. өзүнүн диний маңызынан ажыратылып, «акылсыз», «эссиз», «түркөй», «ыймансыз» маанисинде да колдонулат (Манас энциклопедиясы, 1-т. 251-б.).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
каапыр