Меню
Эл-Сөздүк

жашы

этиш. 1. Ыйлагысы келүү, ыйлап жибере жаздоо, бошоп, зээни кейип, көзүнө жаш алып жиберүү. Бала кезде ырдасам, Бардык адам жашыган (Токтогул). Баланы көргөндө жүрөгүм элжиреп, ого бетер жашып кеттим (Абдукаримов).
  1. 2.           Бүткөн бою бошоп, алсырай түшүү, ымшуу. Үч күндөн бери алым кетип, алка-шалка түшүп тердеп, этим жашыйт, басууга каруум жок («Ала-Тоо»).
  2. 3.           Даамы жок болуу, оозго даамы келбөө (кыйналып өлгөн же кыйнап союлган малдын эти жөнүндө). Эти жашып калыптыр. Жашыган эт.
  3. 4.           Отко салып ысытуу аркылуу кыпкызыл болуп жумшарган абалга келүү, усталар узанууга ылайыкталуу (темир жана андан башка металлдар жөнүндө); отко салуудан курчу кетип, жумшарып калуу, жашык абалга келүү (темир жана темирден жасалган ар кандай куралдар, буюмдар жөнүндө).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: