Меню
Эл-Сөздүк

жан

жан I
бок, сторона;
бийик тоону жанынан көр, башына чыкпа, жакшы кишини алыстан ук, жанына барба погов. на высокую гору смотри сбоку, на вершину её не всходи, о хорошем человеке слушай издали, близко к нему не подходи (вблизи они теряют свою значительность);
жан-жагы каранып оглядываясь вокруг;
жанын карады или жан-жагын карады он осмотрелся;
жанымда при мне, возле меня;
жанымда жок у меня при себе нет, при себе не имею;
жоктун жанында почти совсем нет; можно сказать, что нет;
жанынан төлөдү он заплатил сам, из своих средств;
жанына к чему-кому-л., на;
жанына бар подойди ближе к нему;
жанына жандын баралбай, журтум, жалтак болгоң экенсиң фольк. ты, мой народ, стал боязливым: боишься подойти к человеку;
жан тарт- держать чью-л. сторону; заступаться за кого-л.;
Алдар Көсө кедейлерге жан тартчу эле Алдар Косе (см. көсө II) держал сторону (защищал) бедняков;
жанга бас-
1) припрятать;
2) прикарманить;
жан баштык этн.
1) небольшой вышитый мешочек, прикрепляемый с левой стороны к поясу;
2) подарки жениха, главным образом в виде сладостей, которые он привозит невесте в первое после сговора посещение;
үй жаны см. үй.
жан II
ир.
1. душа;
жаны барбы? он жив? он ещё дышит?
жан - ооруган жерде душа (находится) там, где болит (по старым представлениям болит не тело, а душа);
кимге болсо да, жан таттуу жизнь каждому дорога (букв. сладка);
жан тартпаса да, кан тартат погов. душа не лежит, да кровь (родство) тянет (помочь);
аман болсун жандарың фольк. желаю вам здоровья и благополучия (букв. да будут благополучны ваши души);
байталым, жаның үчүн жорголоорсуң погов. ты, моя кобыла, ради души своей иноходью побежишь;
жаны чыкты
1) он испустил дух; он умер;
2) перен. он вышел из себя;
жарым жан или чала жан полуживой;
2. человек;
жанга көрүнбөй никому не показываясь;
аны жан ордуна көрбөйт он его и за человека не считает;
жан кишиге айтпа никому не говори;
болуп жаткан иштер жөнүндө жан адамга чыгарба о делах, которые творятся, ты ни одному человеку не говори;
жан баспаган чөл пустыня, где не ступала нога человека;
жан адам жок кашында возле него нет ни души;
үйүн көрген жан эмесмин я никогда не был у него в юрте (букв. я не та душа, которая видала его юрту);
ал жанда жок орой грубиян он несусветный;
жандан мурун или жандан мурда раньше всех;
жандан мурда келди он пришёл раньше всех;
амалын жандан ашырды своим искусством (или своей хитростью) он превзошёл всех;
жандын митаамы мошенник из мошенников;
3. разг. память;
числосу кайсы экени жаныман чыгыптыр (а вот) которое число - у меня из памяти выскочило; (а вот) числа-то я не помню;
4. входит в состав имён личных: Бекжан (крепкая душа), Жанузак (долгая душа, которой предопределено долго жить) и др.;
5. в ласк. обращениях: жаным душа моя, душенька;
келин жан молодушка, молодица;
кабылан Манас, жан иним фольк. леопард Манас, мой милый (младший) брат;
кемпир жан милая старушка (ласк. обращение старика к своей старухе);
Самтыр жан милый Самтыр;
6. эпитеты души, часто встречающиеся в фольклоре:
кылча жан душа с волосок;
кара жан чёрная душа (не в отриц. смысле);
чымын жан муха-душа;
алтың жан золотая душа;
кайран жан милая душа;
таттуу жан сладкая душа;
күлдөй жан подобная цветку душа;
чымындай жанды жөн эле кылга байлап таштадым я, рискуя жизнью, решился на всё (букв. свою мухоподобную душу я просто привязал на волосок);
кайран жан ары кеткенче фольк. пока (человек) жив (букв. пока милая душа не ушла туда);
каарлуу бодот аштаптыр, кайран жанды Сарыбай кылга байлап таштаптыр фольк. насадил (на древко) грозный булат, бедную душу (свою) Сарыбай привязал на волосок (т.е. решился на всё);
жан бүткөн (или жанбүт-көн) всё живущее;
жан-жаныбар живые существа (человек, насекомые, птицы сюда не входят);
жан-жаныбар, курт-кумурска всё живое (кроме человека);
жан бөл-проявлять усердие;
жан-дили менен (он) всей душой, от всего сердца;
жан-дилибиз менен мы с полной готовностью, от всего сердца;
жан-дили менен берилген преданный всей душой;
"жан" деп с полной готовностью, с удовольствием;
ал "жан" деп барат он с удовольствием пойдёт;
жан байла- ожить, начать жить;
өлук талаа жан байлады, уйкусунан ойгонуп стих. пробудившись от сна, мёртвая пустыня ожила;
жан айласын табалбай фольк. не находя путей спасти жизнь свою;
жанынан коркуп бериптир фольк. он дал, (только) боясь за свою жизнь;
жан-алакетке түшүп растерянно и смешно (о движении и действиях);
жан талаш-
1) бороться со смертью; быть в агонии;
2) приложить все усилия, старатся изо всех сил;
жан талаштыр- заставить приложить все усилия; сильно озабочивать;
жан бак- или жан сакта-снискать себе пропитание;
ит, бок жеп, жан сактайт погов. пёс, дерьмом питаясь, живёт;
жан багуу (или жанбагуу) житейские заботы, заботы о пропитании;
жан сактат- помогать, содействовать кому-л. в поисках пропитания;
жанына жай бер- оставить (его) в покое; отпустить душу на покаяние;
жаныңызды кыйнабаңыз не мучайте себя;
жаным жер тартып баратат мне дурно, я слабею;
мени жаткырчы, жаным жер тартып бара жатат уложи-ка меня, мне дурно;
жаным төрт чарчы болду я разрываюсь на части; я совсем замотался;
башын көтөрөр жаны жок у него нет сил, чтобы поднять голову; он совершенно обессилел;
жан жок анда он трус;
жаның болсо если ты не трус;
жан тарткан досу его близкий друг;
жан аяшпаган те, кто друг для друга жизни не жалеют;
жан жолдош задушевный друг;
жан ачыр тууган родственник, болеющий душой (за своих); родственник, проявляющий заботы (о своих);
жан кош-слиться душой;
дос, доско жаныңды кош погов. друг, слейся с другом душой (т.е. будь готов отдать за него жизнь, если ты друг);
жандан өткөн суук адский холод;
менин эки жаным бар беле!
1) а мне-то разорваться, что ли?
2) а я-то о двух головах, что ли?
жаныбыз артыкпы? и мы спуску не дадим (букв. разве наша душа лучше?, т.е. разве нам жизнь дороже, чем нашим недругам?);
жаныңды койбойт покоя нет никакого;
жанына батты ему надоело;
жаны карайды он света не взвидел;
жаны алып учту его душа подхватила и вынесла (о человеке, попавшем в тяжёлое положение и случайно вырвавшемся из него);
жаны кечке жетпесин! чтоб ему до вечера не дожить!;
алар деле адам эмеспи, жандарын жеп жибере койбос да ведь они тоже люди, пакости себе не захотят;
жанымды жебеймин! провалиться мне на этом месте (если я вру) !; не враг же я себе! (букв. душу свою я есть не буду);
кара жанын зорго багып жүрөт он едва сводит концы с концами (букв. он с трудом питает свою чёрную душу);
кара жанын жесин! будь он проклят! (букв. пусть он съест свою чёрную душу!);
жаныңды жегир! (человеку) чтоб тебе!;
жан этимди жедим я вконец измучился;
булар тим эле жанымдын этин жедирет они мне просто всю душу вымотают;
жан кечти отпетая голова;
жанын колго кармаган, жан кечтиси дагы бар фольк. есть там и отпетые, которые идут на всё;
өз жанын кый- наложить на себя руки;
жан кыйгыч убийца;
жанга тие турган сөз едкое слово;
ой, жаным калсачы! сен белең? ой, как я перепугался! это ты?
жаным көзүмө көрүнүп, араң жүрөм я совершенно измотан, едва хожу;
Семетей сууга чөмүлүп, көзүнө жаны көрүнүп фольк. Семетей в воду погрузился, страх его обуял;
жаны көзүнө көрүндү
1) он претерпел страх, ужас;
2) (от боли) ему небо с овчинку показалось;
жанын көзүнө көрсөттүм
1) я его измотал;
2) я на него нагнал страху;
жандарын көздөрүнө көрсөтүш керек на них нужно нагнать страху;
жанын таштап или жанын өлүмгө байлап решившись на всё; отбросив страх, яростно (напр. ринуться в бой); рьяно, со всей энергией приняться за что-л.;
жанын таштап, ишке чымырканып киришти он со всей энергией принялся за работу;
жалгыз кекиртегинин айласы үчүн жанын таштап он все усилия свои направляет на удовлетворение своей алчности;
жанын таштап эр Манас, Калчаны кууп калганын капкайдан Алмаң көрдү эми фольк. Алма (мбет) издали увидел, как Манас с яростью погнался за Калчой;
жанды колго алып (или кармап) или жанды оозго тиштеп или жанды кылга байлап решившись на всё, не щадя жизни, не страшась смерти;
кызыталак таттуу жан, кылга байлап таштады фольк. этой сладкой душой он рискнул - будь она неладна!;
жаныңды оозуна тиштеп бар иди решительно;
кылыч менен чабышып, жанын колго алышып фольк. рубя друг друга саблями, решив биться до последнего;
жанын байлап өлүмгө не жалея жизнн своей;
жанын сабап или жанын сабалап или кара жанын карч уруп (он) что есть мочи (букв. нахлёстывая свою душу);
жанын жанга уруп стараясь изо всех сил, не покладая рук;
жанын жанга уруп, тыным албай иштеп жүрдү он работал не покладая рук, без отдыха;
жан бер-
1) оживить, дать жизнь;
жаны жокко жан берди он оживил безжизненного;
2) испустить последний вздох;
3) ист. дать присягу (в подтверждение правильности своих показаний; дача присяги считалась крайней и неодобряемой мерой);
баласынын жанын берсин пусть он поклянётся жизнью своего сына;
жан бергендин жанына турба погов. не стой рядом с тем, кто дал присягу (несчастье, которое постигнет его, может коснуться и тебя);
жан бергенди билбеген он никогда не давал присяги (за что заслуживает уважения и доверия);
жан сал- ист. поставить за себя человека, который должен дать присягу;
жаны колунун учунда он еле жив (букв. его душа на конце руки его);
жаны төбөсүнө (или кулагынын учуна) чыкты он сильно испугался, у него душа в пятки ушла (букв. у него душа на макушку (или на концы ушей) вылезла);
төбө чачтары тик туруп, жан кулактын учуна барды волосы у него встали дыбом, душа в пятки ушла;
жаны калбай или жан-алы калбай усиленно, напрягая все силы;
жан-алы калбай жалынып умоляя и упрашивая;
жанынан качкан или жанынан кечкен отрешившийся от жизни;
жанынан качкан барбаса, жанына киши баргысыз фольк. к нему близко подойти нельзя, подойдёт разве только тот, кто от жизни отрешился;
жан сура- просить сохранить жизнь;
жалбарып, жаның сурадың, жайыңды көрүп турамын фольк. ты униженно просишь пощадить твою жизнь, вижу я твоё положение;
жан алгыч ангел смерти;
жан жер детородные органы;
жан тегирмен южн. название птицы;
жан биргем см. биргем;
жан жабыла см. жабыл-;
курган жан см. кур- VIII;
жаны ачынган см. ачын- II 2;
жанга күйөр то же, что күйөрмөн;
жан соога см. соога;
жан жандан- см. жандан-;
жан бакты см. бак- IV;
ысык эле жаны бар см. ысык;
жан түшүш см. түшүш I.
жан III
то же, что жам I
(прим. см. кадыр II).
жан- IV
1. возвратиться; пойти вспять; пойти на убыль;
баарысы үйгө жанды все возвратились домой;
сөздөн жан- не сдержать слова, отказаться от своих слов, пойти на попятный;
шишик жанды опухоль спала;
2. рассучиваться;
жиптин учу жанды конец нитки развился, рассучился; нитка расплелась, рассучилась;
бир күнөөм болсо, билип айт; биле албасаң, эр Көкчө, жамандык сөздөн жанып айт фольк. если за мной есть вина, узнай и скажи; если не сможешь, богатырь Кокче, узнать, скажи, отказавшись от хулы;
жуз жанбаган жигит смелый, неустрашимый парень;
боз балдарда жарак көп, жүз жанбаган баатыр көп фольк. у пареньков оружия много, много неустрашимых богатырей;
бир бейлиңден жанбайсың фольк. ты упёрся и стоишь на своём.
жан- V
гореть, загораться.
жан- VI
то же, что жаны-;
тизеге башты жанды эле, тизгин кагып алды эле фольк. (конь) потёрся головой о (свое) колено, поводок тряхнул.

жан

(жаш) бутак sprout [спраут]

жан

soul [соул]

жан

жан (дин.)
жан айла
жан ал (этн.)
жан алакет
жан алакетке түшүү
жан алгыч
жан-алы калбоо
жан ачуу
жан ачытуу
жан аябай
жан аяшпас
жан бак-
жан бакты (жанбакты
эмес)
жан башы
жан берүү (өлүү)
жан бирге
жан бүдөгө түш-
жан букара
жан бүткөн
жан бычактын мизинде
жанга батуу
жан баштык
жанга теңебөө
жан далбас
жандан аша кечүү
жандан түңүлүү
жан деп
жан-дили менен
жан дүйнө
жанды оозго тиштөө
жан жабыла
жан-жаныбар
жан жеңил
жан жери
жан жок
жан жолдош
жан казан
жан кайгы
жан кечти
жан кечтилик
жан кирүү
жан күйгүзүү
жан күйөр
жан күйүү
жан кулактын учунда
жан кумар
жан кыйбас
жан кыюу
жан кыяр
жаны ачынуу
жаны бирге
жаны жай албоо
жаны жай алуу
жаны жер тартуу
жаны жок
жаны калбоо
жаны караруу
жаны кейүү
жаны көзүнө көрүнүү
жаны оозуна капталуу
жаны оозуна келүү
жаны сеп алуу
жаны төрт чарчы болуу
жаны чыгуу
жанын ала качуу
жанын алуу
жанын жеш
жанын кашайтуу
жанын коёрго жер таппоо
жанын койбоо
жанын көзүнө көргөзүү
жанын күйгүзүү
жанын оозуна тиштөө
жанын сабоо
жанын сууруп алуу
жанын таштап жиберүү
жанын чабуу
жанына батуу
жанына күч келүү
жанындай көрүү
жан-ман
жан сакта-
жан сакчы
жан салуу
жан серек (анабиоз)
жан соога
жан соогалоо
жан сымал
жан талаш- (жанталаш- эмес)
жан талашма
жан талаштыр
жан талаштыруу
жан талашуу
жан тарт-
жан тартуучулук
жан тартыш
жан таслим
жан таслим болуу
жан тер
жан тери келүү
жан тээк
жан уя (бүлө, үй-бүлө)
жан шерик
жан эритүү
жан эт
жан этин жеди

жан

жан (тарап),

жан-

жан- (күй-)

жан-

жан- (жазыл-)

жан-

жан- (жаны-)

жан

Iзат. 1. Диний түшүнүк боюнча: денеден тышкары жашаган жана психикалык процесстерди башкаруучу, материалдык эмес негиз, тирүүлүктүн белгиси. Зуннахундун өлбөгөн жаны гана калган (Жантөшев). Жаны өз ордуна келгендей болот (Байтемиров).
2. Киши, адам. Көчөдө кыбыраган бир да жан жок (Абдукаримов). Эстүү жансың, жеңекеңди уят кылба! (Сыдыкбеков).
¨ Жан багуу — керт башынын гана камын көрүү, эптеп күн көрүү, кыйналып иш кылбоо. Жалкоо болуп жан багып, Үйүндө уктап керилген, Жан багар жалкоо эшек бар, Жашынып жүргөн кезек бар (Тоголок Молдо). Араң жан — алсыз, начар, чабал. Араң жан үнү менен саал козголуп койду (Аалы). Жан кирүү — тирилүү; кыймыл-аракетке келүү. Жан кирип өлүк жаткан боз талаага, Ыр ырдап темир өгүз жерди челген (Абдыраманов). Бир келсе бири кетип теримчилер, Жан кирет кең кырманга таң атпастан (Абдыраманов). Жан соога — 1) хан, падыша өңдүү монархтар бирөөнү өлүм жазасына буюрганда, ал адамды тирүү алып калуу өтүнүчү. [Ханым] жан соога, — дешти эл чуулдап («Жомоктор»). Жан соога, ханым, жан соога, Жалпы журтка бир соога («Эр Табылды»): 2) кандайдыр
бир коркунучтан качуу, жан далбаса кылуу. Мына бул жер Отор кылып алган жер! Ушул кыргыз — Жан соогалап качкан эл... (Турусбеков). Жан сактоо — оокат-тиричилик кылуу, жашоо, күн көрүү. Ар-намысыңды сактап, адамгерчилигиң менен жан сакта (Жантөшев). Чалкалмак — эл чабуу, жер басып алуу менен жан сактаган неме («Эр Табылды»). Жан депкубанып, сүйүнүп. Жиберсек барат ээ? — Жан деп барбайбы (Байтемиров). Жан далбаса кылуу — жан талашуу, кандайдыр бир коркунучтан кутулуу жолун издөө. Сайгактан жан далбаса кылган кээ бир уйлар.. көлөкө издөөдө (Бейшеналиев). Жан талашуу к. талаш II.. Жан алгыч — I) азирейил, өлгөн адамдын жанын алуучу периште; 2) эзүүчүлөр, бай-манаптар. Кыргызды жан алгычтар далай эзген, Заардуу тил, ажал огу көкөй кескен (Турусбеков). Жаны көзүнө көрүнүү — бир жери катуу ооруп абдан кыйналуу. Исак молдо бир топко чейин өзүнүн кыйналып, жаны көзүнө көрүнүп жатканын айтты (Абдукаримов). Жан кечти — ар кандай жамандыктан баш тартпаган, жандан безген шум адам. Чын болсо да жан кечти Чыдай берет касамга (Токтогул). Жандан кечүү — кандайдыр бир максатка өзүнүн керт башын курман кылуу, өлүмгө баруу. Эл үчүн жандан кечип, эл бактысын, Душманды чеңгелинен алат тартып (Аалы). Жан-дили менен — абдан берилип, ынтасын коюп, чын жүрөктөн, бардык күчүн жумшап. Акиянын кебин толкундап уккан Дмитрий жан-дили менен кубаттай берди (Сыдыкбеков). [Данияр] кандайдыр бир нерселерди тыңшап, ошого жан-дили менен кулак салып отурган өңдүү туюлат (Айтматов). Жан чыгуу — коркуу, жүрөгү түшүү. Убакыт өткөн сайын Акынжандын жаны. чыгып, жолукпай калуу коркунучунда (Байтемиров). Жаны ачуу к. ачы. Жаны жай албоо — тынымсыз аракетте болуу, тынбай иштөө. — Баштаган ишти аягына чыгармайынча жаным жай албайт — деди Ашым (Каимов). Жанымды жай алдыргыла менин да. Чарчап кеттим (Бейшеналиев). Жан-алы калбоо — шашкалактоо, алынын бардыгынча аракет кылуу. Айланага дүрбү салып байкаган Косолапов жан-алы калбай жүгүрүп келди (Жантөшев). Жан-алы калбай Алымкул чуркап, аябай сүйүнүп кетти (Абдукаримов). Жан алакетке түшүү — бир нерсеге аянбай катуу киришүү. [Студенттер] жан алакетке түшүшүп, чиймелеп калган болушат (Бейшеналиев). [Бекиш] жан алакетке түшүп мурдагыдан бетер катуу иштеди (Байтемиров). Жаны жер тартуу — аябай чарчап, чаалыкканда, шайы оогондо жатып эс алууну, жанын сеп алдырууну эңсөө, жаткысы келүү. Буттарым да ооруйт, жаным жер тартат (Каимов). [Нурбүбүнүн] жаны жер тартып, төшөккө башы тиери менен уйкуга кетти («Ала-Тоо»). Жаны -маны калбоо — алынын бардыгынча, күчүнүн бардыгынча, аянбай. [Эрке кыз] дагы жаны -маны калбай терсе да арбыта албайт (Байтемиров). Жан тартуу — жактоо, колдоо. Бу да Садыкка жан тартат окшойт (Байтемиров). Кара жанын карч уруу к. карч II. Жан кулактын учунда — кандайдыр бир коркунуч түшүп, үрөйү учуу, коркконунан санаасы жайында болбоо. Жаны тынбоо — бекер жүрбөө, ишсиз отурбоо. Демейде кирип-чыгып жаны тынбаган, Жылдызкан да үйгө бирөө байлап койгондой дарексиз (Байтемиров). Жан жаныбар — жер жүзүндө жашаган курт-кумурска, айбанаттар, канаттуулар. Жаркыраган жаз келип, Жан-жаныбар төлдөгөн (Тоголок Молдо). Жан-жаныбарлардын кандай түрлөрү бар? (Сыдыкбеков). Жанга батуу — бир нерсенин запкысын тартуу, абдан кыйналуу. Самтыркандын ушагы [эненин] да жанына батты (Байтемиров). Жанына баткан экинчи мүшкүлдүн жайын айтчы (Сасыкбаев). Жанындай көрүү — абдан жакшы көрүү. Сизди Жылдызкан жанындай көрсө керек (Байтемиров). Жанга теңебөө — өзүн башкалардын баарынан жогору баалап, бой көтөрүү. Самтыркан өзүн деле жанга теңебейт (Байтемиров). Жаны калбоо — 1) абдан коркуп кетүү. —Ох! Ошондой десең. Жаным да калган жок (Байтемиров); 2) жакшы көрүү, жакшы мамиле кылуу, сүйүнүү. Жандан түңүлүү — өлгөн экенмин деп ойлоо. Аны көргөн кырк бала Өлдүк деп жандан түңүлүп («Манас»). Жан берүү1) элүү, жаны чыгуу; 2) касам ичүү. — Менин билбегеним ырас, актыгым үчүн жан бер десең жан берем (Байтемиров). Жан бакты — өзүн кыйнабай, эмгектен качып тынчтык издеген.
ЖАН IIзат. 1. Дененин ийинден жамбашка чейинки он, же сол тарабы, капталы. Атым бар деп аябай, Жанын чабат балалык. Шакылдата ургулап, Санын чабат балалык (Токтогул). Чоң кисе жанда шалпылдап, Соору өтүк сууга чалпылдап («Эр Табылды»). Ар кимиси жанына Добулбасын байлаган («Курманбек»).
  1. 2.                  Буюм, акча ж.б. нерсе өзүндө (мис., чөнтөгүндө) болгондук. Жанынан төлөдү. Жанымда жок.
  2. 3.                  Жакын жер, жакын аралык Шаардын жаны. Үйдүн жанынан бастырып өтүу. Жанымда олтурган келин жылмайып терс карай берди (Жантөшев).

¨ Жанга басуу — башка бирөөнүн акчасын, мал-мүлкүн өзүнүкү кылып алуу, ээлеп алуу. Жан-жөкөр — жолдош, бирге жүргөн теңтуш. Жайлообайдын жана анын жан-жөкөрлөрүнүн уу-чуулары күчөгөндөн күчөп, айыл ичине жайыла баштады («Чалкан»).
ЖАН III этиш. 1. Өрүлгөн, эшилген же бүктөлгөн нерсе жазылып кетүү. Жиптин учу жанды. Бүктөөсү жанбаган ак шым (Сыдыкбеков).
  1. 2.                  Тароо, жоголуу. Шишик жанды. Катуу баскан кара шишик азыр дагы жумшай элек (Жантөшев).
  2. 3.                  Айтканынан кайтуу, убадасында турбоо; кайрылып мурдагы абалына келүү. Ниязкүл өзүнүн сөзүнөн өлсө жанбаган адам (Абдумомунов).)

ЖАН IV этиш. 1. Тутануу, күйүү. Бүлбүлдөгөн от жанат (Бөкөнбаев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: