дуулда этиш. 1. Күүлдөө, дуу-дуу эткен үн чыгаруу. От дуулдап күйдү. 2. Шаттануу, уу-дуу эткен шайыр абалда болуу, дүркүрөө. Дуулдаган кол чабуулар угулду. Дуулдап ойноп-күлгөн жаштар. 3. Ачыштыруу. Оозунун ичи дуулдап, мөлт-мөлт жаштары тоголонду (Сыдыкбеков).