|
добуш
|
|
зат. 1. Сүйлөгөндө, ырдаганда, кыйкырганда ж.б. учурларда үн түйүнүнүн термелиши аркылуу пайда болгон үн. Добушун бийик чыгарып ырдоо. Элдин кобураган добушу. Добуш салуу.
2. Мамлекеттик, коомдук мекемелердин ар кандай маселелерин чечүүдө, шайлоо учурунда адамдардын пикир, ой билдирүү, белгилүү сунушка кошулуу, кошулбоо укугу жана ушундай ой-пикирдин кол көтөрүү, бюллетень салуу ж.б. аркылуу берилген формасы. Шайлоочулардын добушу. Маселени добушка коюп чечүү. Көпчүлүк добушка ээ болуу.
♦ Бир добуштан — бир ооздон, бир кишинин айтканындай.
|