-
ГРАФИКА
-
ГРАФИКА (гр. graphika, grapho — жазуу, чийүү, сүрөт тартуу) — сүрөт өнөрүнүн түрү. Буга сүрөт, гравюра, литография, монография жана башкалар кирет. Негизи сүрөт болгону менен, өзүнө таандык көркөм каражаттары, мүмкүнчүлүктөрү бар. Г. өнөрү китеп, газета-журнал (иллюстрация, басма чыгармаларынын жасалгаланышы жана түзүлүшү), колдонмо (ө. ж. Г., почта маркалары, экслибристер), станоктук графика (эстамп, лубок), плакат жанрларына бөлүнөт. «Манас» үчилтигине карата чыгарылган китептердин ичинен Г. менен Саякбай Каралаевдин варианты нын «Манас» 1-(1984), 2-(1986) жана «Семетей» 1-(1987), 2-(1989) китептерин Т. Курманов; Сагымбай Орозбаковдун вариантынын «Манас» 1-(1978), 2-(1980), 3-(1981), 4-(1982) китептерин Т. Т. Герцен көркөмдөгөн. «Манас» эпосуна тийиштүү Г-лык сүрөттөр жөнүндө кеңири маалымат алуу үчүн к. Сүрөт өнөрү жана «Манас» макаласын.
Найдены по другим направлениям
Примеры переводов: графика
Кыргызский
Русский
сүрөт тартуу, скульптура, графика, дизайн чыгармалары жана көрсөтмөлүү өнөрдүн башка чыгармалары;
произведения живописи, скульптуры, графики, дизайна и другие произведения изобразительного искусства;
Примеры переводов: графика
Кыргызский
Английский
сүрөт тартуу, скульптура, графика, дизайн чыгармалары жана көрсөтмөлүү өнөрдүн башка чыгармалары;
works of painting, sculpture, graphics, design and other works of fine arts;
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Такое же слова на других языках:
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
графика