-
быш
-
быш I
сопение;
быш дебейт или быш этпейт он и внимания не обращает; а ему хоть бы что;
ал жумушуңа быш этпейт эта твоя работа ему нипочём (он её в два счёта сделает);
быш дей түш-
1) лопнуть и зашипеть, выпуская воздух;
2) перен. осрамиться;
быш-күш эт тяжело дышать, отдуваться (о тучном или уставшем человеке);
быш-күш этип, араң келди он, запыхавшись, едва дошёл.
быш- II
доходить до готовности (созревать, поспевать, вариться, жариться);
алма быш, оозума түш погов. яблочко созрей, в рот мне упади;
бербестин ашы бышпас погов. кто не хочет дать, у того пища (долго) не варится;
денеси бышкан его тело закалено;
башы бышкан киши человек, которого уже не удивишь трудностями и неприятностями;
таяк жеп, башы бышкан киши человек, много претерпевший и притерпевшийся; тёртый калач;
сиз кагылып-согулуп, көптү көрүп, башыңыз бышыптыр вы бывали во всяких передрягах, много испытали, вам не в диковинку (все эти неприятности);
күйүп-быш, күйдүм-быштым, күйөр-бышар и др. см. күй- IV.
быш- III
взбивать, взбалтывать (кумыс), сбивать, пахтать (масло);
саба быш- готовя кумыс, взбалтывать его в сабе (см. саба I);
май быш- пахтать масло;
бычак менен курсакка бышып алды он всадил в живот нож;
найзалап бышып өлтүрдү стих. он убил, пронзив копьём.
быш- IV
только в сочет. с ич I (см.).
-
быш
-
I этиш. 1. Кайноо, кууруу, отко какталып ысык өтүү ж. б. аркылуу жешке жароо, жешке даяр болуу. Эт бышып, колгосуу куюла баштаган кез эле («Ала-Тоо»).
2. Өсүмдүктөр жетилип, жешке, оруу жыюуга ж. б. даяр болуу. Алма бышты. Коон-дарбыз бышты.
3. өт. Такшалуу, жетилүү, үйрөнүү, маш болуу. Күрөштө жедеп бышкан балбан колдор Турмуштун дарбазасын ачкан тура (Турусбеков). Жумушка бышкан бала. Турмушка башы бышкан.
♦Күйүп-бышуу к. күй II.
БЫШ II этиш. 1. Кымызга жаңы сүт куйганда же майды бөлүп алууда бишкек менен ургулоо, ургулап аралаштыруу. Сүттү сабага куяры менен алмак-салмак бышышат (Аалы).
2. Саюу. Найзалап бышып өлтүрдү, Арачачы энемди («Мендирман»).
БЫШ III: быш-быш —дем алганда, демиккенде, жел чыкканда пайда болгон бышылдаган дабыш. Быш-быш эткен мурдуң эчтеменин жытын сезбейт («Чалкан»).
♦Быш этпөө — тоотпоо, сезип да койбоо.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Похожие слова на других языках:
RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
быш