|
АФОРИЗМ
|
|
АФОРИЗМ (гр. aphorismos — кыска накыл сөз) — курч жана таамай айтылган терең маанилүү нуска сөз. «Манас» эпосу А-дерге бай. «Сынбасты уста жаратбайт, Өлбөстү кудай жаратбайт» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 62). Түзүлүшү боюнча А-дер макал-ылакаптарга жакын, адатта макал-ылакаптардан авторунун бар болгону менен айырмаланат. Фольклордо макал-ылакаптарды да А-дерге кошуп карашат. «Манас» эпосунда А-дер көбүнчө Кошой, Бакай өңдүү акылман, нускалуу карыялардын сөздөрүндө учурайт, к. Учкул сөздөр.
|