Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

АЛАЧЫК

«Кан үйүнүн тардыгы, кара алачыгымдын кеңдиги» (макал). Боз үйдүн бир түрү, жупуну тигилиши. Анда кереге жайылбай, уукту жерге сайып, үзүгү жабылат. Муну «сайма алачык» деп да айтат. Боз үйдүн кичинеси бул алачык түндүк менен ууктан турат. Тактап айтканда, түндүктүн көзүнө өткөрүлгөн ууктун башын жерге саят. Уукту сайып бүткөндөн кийин, «тизгич» тизилет да, сыртынан үзүктү, түндүк жабуусун жабат. Анын эки этеги эшик жабуулук милдетти аткарат. Буга от жагылат.
      2) Ит арка — алачыктын дагы бир түрү. Аны «сойломо» деп аташат. Убактылуу жашоо үчүн канат керегенин башын кайчылаштырып кошулат. Үстүнө кийиз салганда алды-арты ачык калат. Аны башка кийиз, таар менен жабат, буга от жагылбайт. Алачыктардын бул түрлөрүн жоокерчилик турмушта, же көчүп-конууда, ара жолдо шашылыш эле тиге коюшкан. Муну «Куш күйүткө» чыккандар, жылкычылар, койчулар, жатакчылар көп колдонушкан.
      Алачык айрым жерлерде «кеп», «ак тигер», «тигертмек» деп да айтылат.

алачык

зат. Керегеси жок, сайылып жасалган жапыз боз үй, ар түрдүү нерселерден, мис., чөптөн, үстүн жаап жасалган калканч жай. Кан үйүнүн тардыгы, кара алачыгымдын кеңдиги (макал). Камыш алачык. Чөп алачык.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик саналачык
Көптүк саналачыктар
Жөндөлүшү - "алачык"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?алачык
Илик Кимдин? Эмненин?алачыктын
Барыш Кимге? Эмнеге?алачыкка
Табыш Кимди? Эмнени?алачыкты
Жатыш Кимде? Эмнеде?алачыкта
Чыгыш Кимде? Эмнеде?алачыктан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?алачыктар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?алачыктардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?алачыктарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?алачыктарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?алачыктарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?алачыктардан

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: