Меню
Эл-Сөздүк

азирет

ар.
1. святейшество, святейший (титул халифов, пророков, святых);
2. титул халифа Али (зятя Мухаммеда, к которому часто взывают о помощи эпические богатыри);
өзү мыктуу эрге окшойт, азирет Аалы шерге окшойт фольк. он похож на могучего богатыря, на святого Али.

АЗИРЕТ

АЗИРЕТ, Азирет аалы (арабча хазрет — улуу урматтуу, улуу даражалуу, касиеттүү, ыйык) — кудай аталышына, пайгамбардын, имамдардын, таанымал ыйыктардын ысымдарына кошуп айтыла турган ардактуу наам, мартаба. А. түшүнүгү Саякбай Каралаевдин варианты нда жолугат. Манастын бабалары тууралуу бөлүмдө Каракан өлгөндөн кийин Алооке баштаган калмак, кытай баскынчыларынын кыргыздарга кол салып, көрсөткөн кордугу баяндалат. Зордук-зомбулукка чыдабаган, намыскөй кыргыздар Акбалта, Жакып баш болуп калмак менен кармашууга бел байлап жоого каршы аттанышат. Бул жерде А-ке сыйынуу адаты төмөндөгүчө берилет:
Аттанууга камынып,
Азирет деп жалынып,
Жай-жарагын шайланып,
Жоо кылычын байланып (Саякбай Каралаев, 1. 31).

Кыргыздардын диний уламыштарында А. көбүнчө Алинин ысмы менен байланыштырылат (Азирети Алинин кылычы — күн желеси). Али ибн Аби Талиб (биздин замандын 7-к.) — такыба халифтердин төртүнчүсү, Мухаммед пайгамбардын аталаш тууганы жана күйөө баласы (Фатиманын жубайы), исламдын бир агымын туткан шейиттердин ыйык жол башчысы, башкы пайгамбары. А. көптөгөн жеңиштүү согуштарды башынан өткөргөн, кийин душмандардын колунан кайгылуу өлүмгө дуушар болуп, анын сөөгү коюлган көрүстөн — бейит шейиттер сыйына турган ыйык жайга айланат. Кыргыздардын кээде А-ке сыйынып калуусунун себеби жоокерчилик доор менен шартталышы ыктымал.
Т. Н. Өмүрбеков

азирет

азирет, азирети (азырет, асирет эмес)

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: