-
АЖЫ
-
АЖЫ (арабча хадж)— ислам дининде Мекеге барып зыярат кылуу жана ошо зыярат кылып келген адамга берилген наам. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас алтымыш жашка келгенче бала көрбөй арман кылып, Мекеге барууну ойлойт, Каныкей боюнда бар экендигин айтып аны токтотот. Каныкей төрөп, Семетей үч жашка келгенде, Манас ажыга жөнөйт. Аны менен Алмамбет, Сыргак, Токотой кошо барат. Манастын Мекеге кетиши, анын жогунан пайдаланган Коңурбайдан жеңилишине себеп болгон. АЖЫ — эпизоддук кейипкер, ооган Ажыбайдын атасы, Түлкүнүн бир тууганы экендиги гана айтылат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 70, 83, 126).
-
Ажы
-
Ажы– мусулмандар сыйынган ислам динине байланыштуу келип чыккан наам. Сауд Аравиясындагы мусулмандар үчүн ыйык эсептелген Меккеге барып, Кудайга сыйынып, зыярат кылып кайткан же Мекке жолунда каза тапкан мусулмандардын ардактуу наамы жана ушундай наамы бар адамга карата айтылат (Каратаев О., Эралиев С. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 15-б.).
-
ажы
-
I зат. 1. Мекеге барып кудайга сыйынган зыярат. Мекеге барып зыярат кылуучулук. Ажыга баруу. Даярдыгыбыз бир куржун да, андан башка эмнебиз бар дейсиз!.. Эмне биз ажыга баратыптырбызбы! (Абдукаримов).
2. Ушундай зыярат кылып келген киши. Мекеден кийим кийинген Ажың аман бар бекен («Кедейкан»).
АЖЫ II: ажы-кажы болуу — бакылдашып, биринин сөзүн бири укпоо, биринин сөзүн бири укпай кажылдаша берүү. Ажы-кажы сөздөрү Алда кайдан угулуп (Маликов).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ажы