АЖАЙЫПКАНА (арабча «эджайеб» — укмуштуу, иранча «хана» — үй) — ар түрдүү жапайы айбанаттар менен канаттуулар багылган жай. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Анжыянды бийлеген Алоокенин чарбагындагы «падышалык салтанат үчүн багылган» түрдүү жаныбарлар, мурда киши көрбөгөн, аты-затын да укпаган мифтик-фантастикалык жандыктар бар А. сүрөттөлөт. Алооке кан өзүнө жакпаган адамдарды, элге жан тарткан баатырларды А-га киргизип, жырткычтарга талатып өлтүрүп жүргөн. Алооке канга ата конушумду, жер-суумду бошот, болбосо согушамын, — деп келген Манас баатырды жекеме-жеке кармашта жеңе албастыгын сезип, аны жок кылуу үчүн кырк чоросу менен бирге А-га киргизет.
Манас Алоокенин ажайыпканасында
А-дагы Алоокенин аябай ишенген ажыдаары да Манаска даай албай коёт (Сагымбай Орозбаков, 2. 189—190). Алар Манастын тотем (Жакып менен Чыйырдынын түшүнө кирген, кийин Манастын тотемине айланган ажыдаар, алп кара куш, көсөө куйрук көк арстан, кара чаар кабылан, жолборс) жаныбарларынан коркуп кол сала алышпайт. Эпосто чагылдырылган бул окуя байыркы заманда эле элибиздин А-дан кабары бар экенин билдирет.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как АЖАЙЫПКАНА
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
48Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 6 х 8? Ответ:
Отправить