Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Эмгекке жарамдуулук

ЭМГЕККЕ ЖАРАМДУУЛУК – эмгек ишине жөндөмдүүлүк. Адам аткарууга мүмкүн болгон иш мүнөзүнө жараша, ал жалпы Э. ж. (б.а. кандайдыр бир ишти демейки шартта аткаруу жөндөмдүүлүгү), кесиптик Э. ж. (б. а. белгилүү бир кесип, адистик боюнча иш аткаруу жөндөмдүүлүгү), атайын Э. ж. (б. а. белгилүү бир өндүрүштүк же табигый шартта – жер алдында, бийик тоолуу аймакта ж. б. иш аткаруу жөндөмдүүлүгү) болуп бөлүнөт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: