Меню
Эл-Сөздүк

Ыктыярдуулар

ЫКТЫЯРДУУЛАР – 1) эларалык укукта согушуп жаткан тараптардын биринин аракеттеги аскерлеринин катарына өз ыктыяры менен кирүү. Ы. эгер алар согушуп жаткан аскерге шарттуу түрдө, өзүнүн атамекенин коргоо же чет элдик эзүүдөн куткаруу үчүн өтсө, анда жөндүү болот. Жалдануучулардан айырмаланып, Ы. кертбаштын кызыкчылыгын эмес, адеп-актык кызыкчылыктарды жетекчиликке алышат; 2) кайрымдуулук көрүүчүлөрдүн кызыкчылыгы үчүн бекер иштөө менен, кайрымдуулук иштерин жасаган, анын ичинде кайрымдуулук уюмунун иштерин жүзөгө ашырышкан жарандар.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: